Акыркы жаңылыктар
Түзүлүштөрү eSIM технологиясын камтыган абоненттер 2022-жылдын 5-октябрынан тарта инновацияны O!Store дүкөндөрүнүн баарынан кошо алышат.
eSIM – смартфонуңуз эки симкалуу болбогон учурда да, айрым iPhone моделдери сыяктуу экинчи симканы колдонуу үчүн эң сонун мүмкүндүк. Технология трекер, ноутбук жана башка «акылдуу үй» түзүлүштөрүн (сигнализациялар, датчиктер, видеокамералар, тиричилик техникасы ж.б.) колдонгондор үчүн абдан ыңгайлуу.
eSIM – ошол эле SIM-карта, бирок пластиги жок. Андан чалууларды аткарууга, интернетке кирүүгө болот, башкача айтканда көнгөн аракеттериңиздин баарын аткара аласыз;
Иш жана жеке жашоо үчүн керектүү ар башка номерлер, аларды биринен экинчисине оңой которуу;
5 мүнөттүн ичинде эле кошуп алуу!
eSIMдин башкы артыкчылыктарынын бири – коопсуздук. Смартфон уурдалган учурда аны колдоно алышпайт, себеби түзүлүшкө жаңы профиль жүктөө жана эскисин өчүрүү мүмкүндүгү виртуалдуу SIMдин ээсинде гана бар. eSIM телефондон чыкпайт, андыктан смартфон уурдалган учурда да кылмышкер аны колдоно албайт.
Өзүңүзгө О! тармагынөн ыңгайлуу төлөө формасы менен – жума сайын же дароо 4 жумага төлөнүүчү ыңгайлуу тарифти тандап алыңыз. www.o.kg сайтынан смартфондор үчүн О! тармагында акысыз байланыш каралган үнөмдүү топтомдордон баштап мобилдик ТВ жана кинотеатрлары менен чексиздикке чейин атайы сунуштарды, роутерлер менен модемдер үчүн тарифтерди, пайдалуу үй-бүлөлүк топтомдорду, ошондой эле акылдуу түзүлүштөр үчүн варианттарды таба аласыз.
eSIMди кантип кошсо болот
Сизде eSIM камтыган смартфон болууга тийиш. Актуалдуу моделдердин тизмеси менен https://o.kg/ru/chastnym-klientam/support/esim/ шилтемесинен тааныша аласыз.
Паспортуңуз менен каалаган O!Store дүкөнүнө келип, eSIMди активдештирүү үчүн уникалдуу QR-кодду алыңыз.
eSIM колдонуу, ошондой эле кошуу үчүн пайдалуу тарифтер жөнүндө толук маалыматты o.kg сайтынан таба аласыз.
O! – сенин смартфонуңа арналган тармак.

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Чатырдагы үлбүрөк кыз жана Байланыш борборундагы сүйүү. Милиондогон адамдар колдонгон байланыштын артында ким турат?

Бир экран: жакындарың, машинаң жана үйүң – баары көзөмөлдө
Бардык жаңылыктар