Акыркы жаңылыктар
«Мой О!» тиркемесинин колдонуучулары банктык карталарды «О!Деньги» капчыгына кошуп, ал аркылуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн жогору баалашты. Эми бул ыӊгайлуу гана эмес, пайдалуу дагы, анткени 1-июндан тарта капчык аркылуу карта менен тѳлѳѳдѳ комиссия алынбайт!
Мындай ыӊгайлуу функцияны колдонуу үчүн 5 себеп
Кошулган карта тѳлѳм терминалын издѳѳ зарылдыгынан куткарат, себеби түз эле картанын эсебинен тѳлѳмдү ишке ашыруу жана капчыкты толуктоо мүмкүн.
Тиркемедеги карта менен дайыма акча каражаттарынын булагын тандоо мүмкүнчүлүгү болот: телефондун балансы, электрондук капчык же болбосо баланста каражат жетишсиз болгон учурда карта бар.
Тѳлѳмдү ишке ашыруу үчүн каталогдон кызматты тандоо, же болбосо кассадан же чектен QR-кодду сканерлѳѳ гана жетиштүү. Болду! Мындан ары ашыкча сумманын кайрып беришин күтүү же кассадан картаны кассирге берүү, пин-кодду киргизүүгѳ жана чекке кол коюуга убакыт коротуунун кереги жок.
Тиркеме бардык банктардын Visa, Mastercard, «Элкарт» карталарын кошуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул үчүн «Мой О!» тиркемесин ачып, «Мои карты» вкладкасын табуу жетиштүү. Маалыматтарды бир эле жолу кѳрсѳтүп, кызматтарды комиссиясыз тѳлѳй берсе болот!
Бардык операциялар маалыматтардын коопсуздугу боюнча PCI DSS эл аралык стандартына ылайык ишенимдүү корголгон.
Белгилей кетчү нерсе, «О!Деньги» капчыгы аркылуу башка капчыктар менен карталарга акча которууга, 900дѳн ашуун сервисти: коммуналдык кызматтарды, интернет, айыппулдарды, кафенин эсептерин, МКС тѳлѳмдѳрүн, дүкѳндѳрдѳн сатып алууларды жана башка кѳптѳгѳн кызматтарды онлайн тѳлѳѳгѳ болот.
«Мой О!» тиркемесин Google Play же App Store’ дон азыр дароо орнотуп, смартфондон карта менен тѳлѳӊүз!
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан берилет. КР УБ № 2021030817, № 3022030817 лицензиялары.

«Мой О!» супертиркемесине нөл баланс менен да акысыз кирсеңиз болот
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Бакубаттыктын символу: О! базалык станциясында кунастар (илегилектер) дагы уя салды
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
Бардык жаңылыктар