Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору популярдуу тарифтик топтомун жаңыртты, «О!го которул 95» жана «О!го которул 135» жаңы тарифтерин ишке киргизди.
«Күн өткөн сайын О! тармагы ичинде интернетти көбүрөөк керектей турган смартфондордун пайдалануучуларынын саны өсүп жатат. Ушул нерсе биздин мыкты шарттары менен жаңы тарифтерди түзүүбүзгө түрткү болду. Эми ошол эле баага – 95 жана 135 сомго биз мурункудан да көп максималдуу ылдамдыктагы интернетти сунуштадык – мурунку 8 ГБ ордуна эми 10 тез гигабайт, 12 гигабайттын ордуна – толук 16 гигабайт максималдуу ылдамдыктагы интернет жеткиликтүү!», – деп билдирди О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Дагы бир маанилүү нерсе – эми тарифтердин атынан эле апталык абоненттик төлөмдүн көлөмүн билип алса болот. Сөзсүз адашпайсыз! Бир сөз менен айтканда, эгер сизге көп мобилдик интернет жана О! тармагынын гана эмес, башка тармактардын абоненттери менен көпкө чейин сүйлөшүү керек болсо, анда О! жаңы тарифтери – сиз үчүн эң мыкты тандоо болуп саналат:
«О!го которул 95» – бул жумасына болгону 95 сомго максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 10 ГБ мобилдик интернет, О! тармак ичинде акысыз чалуулар жана SMS, ошондой эле КР башка мобилдик номерлерине чалуулар үчүн 5 мүнөт. Кошулуу үчүн *155*77# буйрутмасын териңиз;
«О!го которул 135» – бул жумасына болгону 135 сомго максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 16 ГБ интернет-трафик, О! тармак ичинде акысыз чалуулар жана SMS, ошондой эле КР башка мобилдик номерлерине чалуулар үчүн 15 мүнөт. Кошулуу үчүн *155*8# буйрутмасын териңиз.
Тарифти өзгөртүүнүн баасы – 0 сом. Эгер сиз О! абоненти болсоңуз, анда SIM-картаны жакын жайгашкан тейлөө кеңсесинен же O!Storе дүкөнүнөн сатып алсаңыз болот.
О! Мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн тармак!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар