Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору өлкөнүн дароо алты облусунда 4G LTE тармагынын камтуусун жана сыйымдуулугун жакшыртты. Жабдуулардын үстүндө иштөө жерлери тармактык инфраструктурага келтирген жүктөмдүн анализинин, ошондой эле абоненттердин кайрылууларынын негизинде техникалык адистер тарабынан аныкталды. Ошентип, кийинки калктуу пункттарда мобилдик интернет ылдамыраак, ал эми байланыштын сапаты мыктыраак болуп калды:
Бүгүнкү күнү мобилдик байланыштын маанисин ашыра баалоо абдан татаал. Мобилдик интернеттин жардамы менен О! абоненттери жакындары менен гана баарлашпастан, билим алып жатышат, аралыктан эмгектенип жатышат, үйдөн чыкпай туруп эле дүкөндөрдөн сатып алууларын, ошондой эле «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы аркылуу 700дөн ашуун керектүү сервистерди жана башка көптөгөн нерселерди онлайн төлөп жатышат.
О! Мобилдик операторунун 4G LTE тармагынын камтуусу Кыргызстандын калкынын 98%ынан ашуунун түзөт. О! тармагынын камтуу картасы жана мезгилдүү жаңылыктар www.o.kg сайтында жеткиликтүү.
Жазыңыздар – жооп беребиз!
Баса, О! тармагынын түрдүү кызматтарын колдонууда пайда болгон суроолоруңузду О! Мобилдик операторунун Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте» же Twitter социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан берсеңиз болот.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

Жакын болуу дагы пайдалуу: О! үй-бүлөлүк туташууга арзандатууларды сунуштайт
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

QA/SDET инженери бол: О! компаниясынан InternLabs акысыз такшалмасына кабыл алуу башталды!

Окууга «Мой О!» менен даярданабыз: 95 сомдон тарифтер, окуу акысын төлөө жана кешбэк

O!TV тиркемесинен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болуңуз
Бардык жаңылыктар