Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору Кыргызстандын байланыш жана телерадиоберүү тармагынын бардык тармактарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!
Поповдун 1895-жылы дүйнө жүзүнө радиону сунуштаган күнүнөн бери бул тармак бир кыйла илгериледи.
Мисалы, 2014-жылы кыргызстандыктар О! тармагында 4G LTE интернетинин жогорку ылдамдыктагы технологиясын биринчилерден болуп сынай алышты. Ал эми бүгүнкү күндө колуңуздагы смартфон менен эле түз эфирлерди көрүп, сатып алууларды төлөө көнүмүш иштерге айланып калды.
О! абоненттери кайсы жерде болушпасын, эң заманбап байланыш технологияларына кирүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуп келишет. Ал эми О! Мобилдик оператору бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 99%ынан көбүрөөгүн 4G/3G/2G тармагы менен камтыган лидер болуп саналат.
Тармактын жана бирдиктүү О! санариптик экотутумунун иштөөсү эң алгач байланыш кызматкерлеринин талыкпаган эмгегинин натыйжасында ишке ашууда. Жайдын чилдесине, бурганак, бороонго же нөшөрлүү жаанга карабастан – алар тармакты куруп, мониторинг жүргүзүп, тестирлөөдөн өткөрүшөт, кандайдыр бир бузулуулар болуп калса, алардын алдын алып, күнү-түнү оңдоп, тармакты калыбына келтиришет.
Биздин адистердин кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги, жаңычылдык менен күжүрмөн эмгеги маалыматтык технологиялар жана байланыш тармагынын техникалык дараметин мындан ары дагы күчөтүүгө багытталмакчы. Алардын аткарган туруктуу жана ишенимдүү жумуштарынан мамлекеттин татыктуу өнүгүүсү гана эмес, ар бир жарандын жашоосунун сапаты дагы көз каранды.
Тармакта эмгектенген бардык кызматкерлерге ден-соолук, бакубат жашоо жана коом үчүн ары татаал, ары маанилүү иштеринде албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
О! Мобилдик оператору – сиздин жогорку ылдамдыктагы интернет ааламына жол көрсөткүчүңүз!

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар
Бардык жаңылыктар