Акыркы жаңылыктар

О! мобилдик оператору Intern Labs 7.0 – Java Backend Development акысыз стажировкасына кабыл алууну баштады.
Эгер сиз Java тууралуу уксаңар жана чындап эле андан код жазган болсоңор, анда бул скиллдериңерди өркүндөтүү жана чыныгы dev-жыйынына кошулуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
Стажёрлорду эмнелер күтөт?
· Иш жүзүндөгү долбоорлордон Spring Java менен иштөө.
· О! башкы кеңсесинде (Бишкек ш., Абдрахманов көч., 170/2) 6 айлык оффлайн практика.
· Мыкты стажёрлор О! компаниясына жумушка орношууга сунуш алышат.
Intern Labs стажировкасына кантип катышса болот:
1. Алгач internlabs.o.kg сайтынан анкета толтурасыңар, тест тапшырмасын алып, аны аткарасыңар.
2. 2025-жылдын 29-сентябрында биринчи этаптан ийгиликтүү өткөндөргө жыйынтыктоочу тестке шилтеме жиберилет.
3. 2025-жылдын 6-октябрында финалдык турдун жыйынтыктары чыгарылат. Бардык этаптардан өткөн катышуучулар курска кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүү алышат.
Эгер сиз backend-иштеп чыгуучу болууну жана чыныгы долбоорлор менен иштөөнү кыялданып жүрсөңүз – бул сонун мүмкүнчүлүк.
О! – келечекти бирге коддойбуз.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар