Акыркы жаңылыктар
Жылдар өтүп жатат, бирок эч нерсе Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин маанисин жойо албайт. Каргашалуу 5 жылдын ичинде биздин мекендештерибиз биздин эркиндигибиз жана көз карандысыздыгыбыз, тынч жашоого болгон укугубуз үчүн күрөшүштү. Согуш жылдарында өз эмгеги, кайратмандыгы жана баатырдыгы менен Улуу Жеңишти жакындаткан бардык кишилердин салымы баа жеткис.
Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 73-жылдыгын майрамдоого байланыштуу, О! Мобилдик оператор Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине материалдык жардам берүүгө багыттала турган каражаттарды чогултуу боюнча кайрымдуулук марафонун ачкандыгы тууралуу жарыялады. Мурунку жылдардагыдай эле, ардагерлерге жардам чогултуунун гаранты катары О! Мобилдик оператору турат, ал ар бир түшкөн кайрымдуулук каражатынын келишин жана анын даректүү берилишин көзөмөлдөйт.
О! тармагынын ар бир абоненти «Жеңиш Күнү» акциясына катыша алат жана ардагерлерди колдоого 20 сом которо алат. Ал үчүн SMS жөнөтүү керек же 1945 номерине чалуу керек. Акция 2018-жылдын 11-май күнүнө чейин улантылат.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтарына ылайык, бүгүн республикада болгону 475 Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны жашайт.
«О! Мобилдик операторунун Акциясы Улуу Жеңиш жана анын баатырлары тууралуу эстутум кымбат, жакын болгондорго, согуштун ардагерлерине урмат көрсөткүсү келгендер үчүн жалпы элдик майрам – Жеңиш күнүн колдогондорго арналат. Биздин жашообуз үчүн милдеттүү болгон бул адамдарга жардам берүү колубуздан келет. Жеңиш Күнүн майрамдоонун алдында биз бардык аракеттерибизди бириктирүүдөбүз», - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Бул Акция көп жылдан бери өтүп келе жатат. Былтыр, 2017-жылы О! тармагынын абоненттеринен УАМС ветерандарына 80 060 сом жардам көрсөтүлгөн. Акция аяктагандан кийин анын натыйжасы боюнча отчетту мурунку жылдардагыдай эле www.o.kg расмий сайтынан жана Кыргызстандын алдыңкы басма сөз каражаттарынан окуса болот.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Сапатка инвестиция: О! өлкө боюнча LTE түйүнүн кыйла күчөттү

Чет өлкөлүктөр үчүн O! байланышы: eSIM онлайн же SIM-карта — каалаган өлкөнүн паспорту менен

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!
Бардык жаңылыктар