Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору социалдык тарифтерди сунуштоо практикасын улантууда.
Мобилдик байланыш үчүн жеткиликтүү жана жѳнѳкѳй чечимдерди издештирген мугалимдерге, мектеп окуучуларына жана студенттерге колдоо кѳрсѳтүү үчүн О! тармагындѳ атайын сунуштар бар.
«Мугалим», «Окуучу» жана «Переходи на О! Студент Онлайн» тарифтик пландары кадимки траифтерден кыйла пайдалуу. Алардын ар бири ѳз аудиториясына багытталып, түрдүү «фишкаларды» камтыйт. Бирок баарынын жалпы ѳзгѳчѳлүгү – аларда окуу жана окутуу үчүн гана эмес, баарлашуу үчүн дагы зарыл болгон бардык нерсе бар:
О! тармагындѳ ЧЕКСИЗ чалуулар жана SMS;
Баарлашуу жана онлайн-окуу үчүн керек болгон WhatsApp, Telegram, Skype, Zoom жана Google Classroom сыяктуу популярдуу мессенджерлер менен платформаларды АКЫСЫЗ колдонуу мүмкүндүгү + жогорку ылдамдыктагы интернет топтому;
«О!TV Окуу» билим берүү ТВ-каналдарынын топтомуна АКЫСЫЗ кирүү мүмкүндүгү;
«Мой О!» тиркемесиндеги электрондук окуу китептери, жүгүртмѳлѳр жана видео сабактар орун алган «Мектеп» бѳлүмүнѳ АКЫСЫЗ кирүү мүмкүндүгү.
Керектүү тарифти «Мой О!» тиркемесинен онлайн-каттоодон ѳтүү аркылуу кошуп алууга болот. Тиркемени кѳчүрүп, «Тарифтер» менюсуна кириӊиз жана «Окуу үчүн» категориясын таап, атайы форманы толтуруӊуз. Тариф ѳтүнмѳӊүз каралып чыккандан кийин, катталуу ишке ашырылган телефон номерине бир күндүн ичинде автоматтык түрдѳ кошулат. Ошондой эле бардык O!Store сатуу жана тейлѳѳ кеӊселеринде дагы тарифти кошууга болот: мугалимдердин жанында паспорту, студенттерде – студенттик билети, ал эми окуучуларда – туулгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүк болууга тийиш.

«Мой О!» супертиркемесине нөл баланс менен да акысыз кирсеңиз болот
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Бакубаттыктын символу: О! базалык станциясында кунастар (илегилектер) дагы уя салды
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
Бардык жаңылыктар