Акыркы жаңылыктар
Өткөн ишембиде О! мобилдик операторунун кызматкерлери салттуу «Бак отургуз!» акциясын өткөрүштү.
Бул жакшы салтты сактап, компаниянын жамааты быйыл алтынчы жашыл паркты жаратышты. Мындай паркты Бишкек шаарынын №88 жалпы билим берүүчү мектебине белек кылышты.
_resized.jpg)
_resized.jpg)
«Биз борбор калаабыздын жашоочулары үчүн жашыл зоналарды жана таза микроклиматты пайда кылууга салымыбызды кошуп жатканыбыз үчүн абдан кубанычтабыз. Биз аткарган иш-аракет башкаларга дагы үлгү болот деген ойдобуз. Шаар тургундары жана башка компаниялар менен биргелешкен күч-аракеттерибиздин натыйжасында таза жана табигый айлана-чөйрөнү сактап каларыбызга ишенебиз», – деп белгилейт компаниянын өкүлү Эркина Сарбашева.
Мугалимдердин жана жогорку класстардын окуучуларынын жардамы менен чоң иштер жасалды – мектептин короосу жашыл аймакка айланып, жаңы балатылар менен кызыл карагайлар отургузулду.
_resized.jpg)
О! мобилдик оператору 2023-жылы президент Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган беш жылдык «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын чын жүрөктөн колдойт. Отургузулган ар бир бак жашылдандыруунун жана жаратылышты келечек муундарга мыкты абалда өткөрүп берүү зарылдыгынын белгисине айланмакчы.

Үйрөнчүктөрдөн санариптик дүйнөнүн архитекторлоруна чейин: О! экосистемасын жараткандардын тарыхы

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар