Акыркы жаңылыктар
20-июнуда О! мобилдик операторунун башкы кеңсесинде донордук кан берүү боюнча пункт ачылды. Кан берүү борборунун адистери атайын жабдууларды алып келип орнотушту. Алдын ала кеңештерди алып жана врачтардан текшерүүдөн өткөндөн кийин, бардык каалаган кызматкерлер канды тез жана коопсуз тапшыра алышты.
Көчмө пункт 4 саат иштеди. Бул убактын ичинде компаниянын 40 кызматкери оор абалдагы пациенттерге жардам берүү үчүн акцияга катышышты. Мындай оңой эмес процедурага ден соолугу боюнча туура келип, уруксат берилген ар бир донор 450 миллиграмм таза донордук кан берди. Донордук кан алуу пунктунун ушул убактысында 15 литрден ашык кан алууга жетишишти. Бардык топтолгон кан ооруп жаткан адамдарга өткөрүп берилет, аларга күн сайын донордук кан коюу зарыл.
«Мен көп жылдан бери ушундай акцияларга катышып келем. Мен ушундай жол менен аябай кан керек болгон адамдарга жардам берип жатканыма кубанычтамын. Көчмө пункттарды копаниянын аймагына алып келип уюштурганы ыңгайлуу экен, мындай сооптуу ишти жасоого аз гана убакыт кетет», – деп белгиледи О!нун кардаларын тейлөө боюнча дирекциянын жетекчиси Игорь Панасенко.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар