Акыркы жаңылыктар
О! абоненттерди тейлөө жана мобилдик товарларды сатуу боюнча алектенген O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагы кеңейүүсүн улантууда.
Каракол жана Кызыл-Кыя шаарларындагы жаңы дүкөндөр төмөндөгү даректерде өз меймандарын күтөт:
Кызыл-Кыя ш., Асаналиев көч., №7. Ориентир «Армада» СБ. Иштөө графиги: 09:00дөн 19:00га чейин, дем алышсыз, ишемби жана жекшемби күндөрү түшкү тыныгуу 13:00дөн 14:00гө чейин;
Каракол ш., Дзержинский көч., «Ак Тилек+» базары. Иштөө графиги: 09:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 13:00дөн 14:00гө чейин, дүйшөмбү – дем алыш.
Asia Mall соода борборундагы дүкөнүбүз дагы майрамдарга карата жаңыланды, кененирээк жана чоңураак болуп калды.Өлкөбүздүн бардык облустарындагы 81 O!Store дүкөнү мобилдик түзүлүштөр үчүн аксессуарларды, заманбап смартфондорду бөлүп төлөөгө жана насыяга сатуу боюнча кызматтарды көрсөтөт, дүкөндө О! абоненттери үчүн пайдалуу тарифтер менен сервистерди кошуп алуу боюнча консультация берилет. Дүкөндө мобилдик телефонуңузга кошумча буюмдарды да сатып алса болот, Каракол шаарындагы жаңы O!Store дүкөнүндө кошумча буюмдарга 20% арзандатуу жарыяланган. Акция 2019-жылдын 15-мартына чейин жүрөт.
Бүт өлкө боюнча бардык дүкөндөрдө:
LG смартфондорун -30% арзандатуу менен сатып алса болот;
Honor смартфондорунун алдыңкы моделдери жана жаштарга арналган O!Phone 4G Joy смартфону баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмсүз бөлүп төлөөгө жолжоболоштурулат.
O!Store – Samsung, Apple, Huawei, Xiaomi, LG, Honor дүйнөлүк бренддердин расмий дистрибьюторлорунун өнөктөшү. O!Store дүкөнүнөн сатып алган товарлардын баары тастыкталган.
Көңүл бургула! Смартфондордун саны чектелүү. Акциялар жана смартфондордун бар экендиги тууралуу толук маалыматты 0705 007 000 телефону жана ostore.kg сайты аркылуу алса болот.

«Мой О!» супертиркемесине нөл баланс менен да акысыз кирсеңиз болот
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Бакубаттыктын символу: О! базалык станциясында кунастар (илегилектер) дагы уя салды
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
Бардык жаңылыктар