Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору О! абоненттери үчүн роумингдин болгону 1 сомго 1 мегабайт интернет атайын тарифи жүрө турган өлкөлөрдүн тизмесине Украинаны киргизди. Супер пайдалуу тарифти сапарга чыгар алдында *997# акысыз активдештирүү буйрутмасын терүү менен Украинанын Vodafone тармагында колдонсо болот.
Атайын тарифтин акысыз активдештирүү буйрутмасын дароо азыр терүүнү сунуштайбыз. Анткени, сапарга даярдануудагы кымкуутта аны ойлонууга убактыңыз болбойт, ал эми өлкөгө жеткениңизде өз номериңизди сактоо менен жакындарыңызга байланышка чыга аласыз, дароо сак-саламат жеткендигиңизди кабарлай аласыз, шаар ичинде жүрүүңүз үчүн тиркемелердин кызматтарын колдоно аласыз, деги эле бардык маанилүү иштериңизди бүтүрө аласыз.
Роумингдеги 1 мегабайт менен канча көп иштерди аткара ала турганыбызды элестетип көрүңүз:
WhatsApp – 500 символ узундуктагы билдирүүлөрдү жөнөтүүгө болжол менен 800 байт, бир мүнөт баарлашууга болжол менен 0,7 МБтан 1МБка чейин сарпталат;
Telegram – 1 саат колдонуу үчүн 0,5 МБтан 4 МБка чейин (добуштук байланыш менен тексттик билдирүүлөрдү кошкондо);
Facebook Messenger – 1 саат колдонуу үчүн 2 МБтан 14 МБка чейинки мобилдик трафик (добуштук байланыш менен тексттик билдирүүлөрдү кошкондо).
Мессенжерлерди колдонуунун баасына жөнөткөн файлдардын: сүрөттөрдүн, музыканын, видео жана добуштук билдирүүлөрдүн да көлөмдөрү таасирин тийгизет.
Роумингдеги 1 сомго 1 мегабайт атайын тарифи кийинки өлкөлөрдө да жеткиликтүү: Россия Tele2 жана Мегафон тармактарында; Казакстан Tele2 тармагында; Өзбекстан Ucell тармагында; Түркия Turkcell тармагында; Сауд Арабиясы Saudi Telecom Company тармагында, Таиланд True Move тармагында жана Вьетнам Viettel тармагында.
Роуминг кызматтарынын бардык тарифтери тууралуу o.kg сайтынын «Роуминг» бөлүмүнөн билсе болот.
О! Мобилдик операторунан роуминг – санаасыз саякатта.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар