Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору роуминг үчүн пайдалуу сунуштар - Roaming KZ топтому жөнүндө эске салат. Казахстанда жүргөн абоненттерде роуминг-топтомун колдонуп, Алтел, Теле2 жана Кселл тармактарында чыгуучу жана кирүүчү чалууларга өз каражаттарын үнөмдөө мүмкүнчүлүгү бар. Топтом жеке абоненттер үчүн О! тармагында 10 мүнөт чыгуучу жана 10 мүнөт кирүүчү чалууларды камтыйт. Ал эми бүгүнкү күндөн тартып топтомдордун иштөө мөөнөтү 7 күндөн 30 күнгө чейин узартылат.
«Roaming KZ кызматынын жөнөкөйлүгү жана жеткиликтүүлүгү биздин Казахстанда жүргөн абоненттер үчүн баарлашууну жагымдуу жана ыңгайлуу кылат. Кызматты кошкондон кийин роумингдеги байланыш бир топ арзан болуп калат, ал эми колдонуучулар өз балансын текшерип турбайт. Мындан тышкары, биз кардарларыбызга карай дагы бир кадам жасадык – эми Казахстандагы Roaming KZ топтомун 7 эмес, 30 күн колдонсо болот. Жакындарыңыз менен байланышта болуңуз жана Roaming KZ менен өз номериңизде байланышта болуу менен, өзүңүздү үйдө жүргөндөй сезиңиз!», – деп белгиледи компаниянын интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов.
Roaming KZ кызматын кошуу үчүн, Кыргызстандан чыгып кеткинче *996*77# буйрутмасын терүү керек. Колдонулбаган сүйлөшүү мүнөттөрүнүн калганын текшерүү үчүн *996*77#1#.
Топтомдун наркы - 300 сом (баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү). Roaming KZ топтомдорунун иштөө мөөнөтү кошкон күндөн тартып 30 күн.
Жаңы кызматтын шарттары менен кененирээк компаниянын www.o.kg сайиындагы Роуминг бөлүмүнөн билүүгө болот.

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар
Бардык жаңылыктар