Акыркы жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын уюмдары менен ишкерлеринен Мамлекеттик салык кызматына (МСК) маалыматтарды онлайн режимде өткөрүүгө жөндөмдүү жаңы үлгүдөгү контролдук-кассалык машинага (ККМ) өтүүлөрү талап кылынууда. Бул максатта «НУР Телеком» техникалык тейлөө борбору (ТТБ) тарабынан МСКнын акыркы техникалык талаптарынын баарына жооп берген фискалдык модуль менен иштей турган программалык ККМ иштелип чыкты.
«О!Касса» инновациялык сервиси – натыйжалуу, ыңгайлуу жана пайдалуу чечим!
Тиркеме кадимки кассалык аппараттын бардык функцияларын жаңы стандарттарды эске алуу менен гана аткарбастан, кошумча бир топ артыкчылыктарга ээ:
бардык түзүлүштөн: ноутбуктан, планшеттен же смартфондон колдонууга болот;
сатуулар, товарлар, нөөмөттөр жана кассирлер боюнча толук статистика жеткиликтүү;
дүйнөнүн ар кайсы бурчунан смартфон аркылуу сатууларды башкаруу, кызматкерлердин ишин, сатууларды, нөөмөттөрдүн графигин, кассадагы акчаларды, кайтарууларды жана башка маалыматтарды көзөмөлдөө мүмкүндүгү;
кардарлар менен эсептешүүдө нак акчаларды, банк карталарын же «О!Деньги» сервиси аркылуу электрондук акчаларды алууга болот;
электрондук чекти кардарга почта, мессенджер аркылуу жиберүү же чыгарып берүү мүмкүн.
Булар менен гана чектелип калбайт!
Келишимди азыр түзүп, «О!Касса» тиркемесин 2022-жылдын 31-декабрына чейин акысыз колдоно аласыз.
Кантип баштаса болот?

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар