Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору көпчүлүк аймактарда добуштук маалыматтарды максималдуу ылдамдыкта жиберүү боюнча байланыш кызматтары менен камсыздоо аркылуу байланыштын, тармактын камтуусунун жана сыйымдуулугунун сапатын динамикалуу түрдө жакшыртууну улантууда.
Жылдын башынан бери Кыргызстандын тургундарынын 4G LTE тармагы менен камтуусу 98%га өстү. Бул бүгүн О! тармагында маалыматтарды жогорку ылдамдыктагы маалыматтарды бүгүн добуштук байланыш болгон бардык жерде алуу мүмкүн дегенди билдирет.
О! компаниясынын техникалык командасынын кезектеги жумуштары үстүбүздөгү айда кийинки калктуу пункттарды камтыды:
· Чүй облусу: Бишкек шаарында, Нижнечуйское, Ак-Жол, Кызыл-Суу, Алмалуу, Киров атындагы, Саз, Интернациональное айылдарында жана «Алтын-Кен» алтын кен комбинатында;
· Нарын облусу: Чаек, Кара-Суу, Чекилдек, Ак-Жар, Кочкор айылдарында;
· Ош облусу: Алашан, Каранай, Көк-Жар айылдарында;
· Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Майлы-Суу, Сакалды шаарларында, ошондой эле Келте, Кош-Алмурут, Кош-Терек, Ызар, Чек, Чоң-Багыш, Куйбышев атындагы (Бала-Чычкан) айылдарда.
Бүгүнкү күндөгү туруктуу интернет республиканын тургундарына “жаңы реалдуулуктун шарттарында” жайлуулук жана ыңгайлуулук тартуулаган жаңы сервистерди көбүрөөк колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
О! тармагынын камтуу картасы менен www.o.kg сайтындагы “Тармак камтыган аймак” бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: 40% арзандатуу менен О! Үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!TV’де Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонун, Англия жана Испания матчын көргүлө

Интернет, төлөмдөр жана кешбэк: О! Чыныгы ыңгайлуу роумингди сунуштайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: О! операторунан үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!
Бардык жаңылыктар