Акыркы жаңылыктар
О!Мобилдик оператору бүт Кыргызстан боюнча кеңири тилкелүү 4G LTE мобилдик интернетин активдүү түрдө кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Буга чейин курулган 500 базалык станцияларына кошумча катары, өткөн жумада байланыштын жаңы объектилери колдонууга берилип, О! тармагынын жогорку ылдамдыктагы 4G LTE интернети менен 70 калктуу пункттун 128 миңден ашуун тургундары камсыз болду. Алардын катарында жыл сайын миндеген туристтерди кабыл алган өлкөнүн курорту Ысык-Көл облусу да бар.
О! Мобилдик операторунун техникалык адистеринин аракеттеринин натыйжасында, сигналды кабыл алуу күчөтүлдү жана төмөндөгү шаарлар менен калктуу пункттарда 4G LTE тармагынын камтуусу кеңейди:
Чүй облусу: Киров, Хун Чи (Бөлүк), Первомайское, Алиаскар Токтоналиев атындагы, Интернациональное, Карагай-Булак, Кызыл-Арык, Сын-Таш, Ысык-Ата, Нижняя Серафимовка, Степное, Ак-Сөөк, Эркин-Сай, Учкун, Кара-Ой, Ленин атындагы, Талды-Булак, Арал, Садовое;
Ысык-Көл облусу: Каракол, Сары-Камыш, Отрадное, Тилекмат, Желе-Дөбө, Жети-Өгүз (Курорт), Талды-Булак, Жаркынбаев, Чоң-Өрүктү, Өрүктү-Хутор, Бар-Булак, Шор-Булак, Ой-Тал;
Нарын облусу: Кызыл-Туу, Кызыл-Эмгек, Миң-Булак;
Талас облусу: Куру-Маймак, Чымгент, Түйтө, Көк-Таш, Новодонецкое, Чат-Базар;
Жалал-Абад облусу: Боспиек, Кокандык, Михайловка, Подгорное, Багыш, Кызыл-Туу, Коргон, Терек-Суу, Чоң-Арык, Кызыл-Ураан, Саргата, Кызыл-Жар;
Ош облусу: Курманжан Датка, Папан, Ак-Терек, Кызыл-Туу, Кара-Таш, Нойгут, Капчыгай, Беш-Буркан, Киров атындагы;
Баткен облусу: Чек, Кызыл-Бел, Дархум, Булак-Башы, Көк-Таш, Кызыл-Коргон, Токой, Кызыл-Булак.
– Биз абоненттерибиздин жогорку ылдамдык менен мобилдик интернеттин сапатына койгон талаптары жана күтүүлөрүнө максималдуу түрдө шайкеш келүү үчүн бүт өлкө боюнча 4G LTE базалык станцияларынын санын көбөйтүүнү улантуудабыз, – деп жыйынтыктады компаниянын техникалык директору Антон Коваленко.
О! тармагынын 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Тармак камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды «О! тармагынын өнүгүүсү» бөлүмүнөн табасыз.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
***
О! операторунун 4G LTE-тармагы– Кыргызстандагы 4G/LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар