Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын телекоммуникация рыногунунтехнологиялык лидери - О! мобилдик оператору өлкөнүн бардык региондорунда тармакты өнүктүрүү боюнча масштабдуу программаны ишке ашыруу иштерин улантып жатат. Февралдын экинчи жарымында компаниянын техникалык адистери 3G стандарттагы база станцияларын Чүй областынын Панфилов, Дружба, Сосновка, Жал айылдарында жана Кара-Балта ш., ошондой эле Нарын областынын Кум-Дөбө айылында эксплуатациялоого киргизди. Мындан тышкары, Жалал-Абад областынын Көтөрмө айылында жана Нарын областынын Кең-Суу айылында добуштук байланыштын сапаты жакшыртылды.
«Биз өлкөнүн аймагында тармак камтыган аймакты кеңейтүү боюнча иштерди улантып жатабыз жана жашоочулар ага туура баа бере алышат деп ишенебиз. Биз биздин арзан байланыш жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет республиканын бардык калкына, анын ичинде алыскы айылдардын жана кичи кыштактардын калкына да жеткиликтүү болушуна умтулабыз. Жаңы базалардын эксплуатациялоого киргизилиши менен, жогоруда аталган калктуу конуштардын жашоочулары эми бүгүндөн баштап байланыштын жана интернеттин сапатынын жакшырганын сезе алышат», — деп О! мобилдик операторунун технологиялык дирекциясынын директорунун орун басары Антон Коваленко белгиледи.
Бүгүнкү күндөгү эң жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет технологиясынын - 4G мүмкүндүктөрүн Бишкек жана Нарын шаарларынын жашоочулары колдонуп жаткандыгын эске салабыз. О! мобилдик операторунун тармакты өнүктүрүшү менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышууга болот.
О! мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!

O!Store'дон жаңы iPhone сатып алып, AirPods 4 белегин алууга шашылыңыз – 3 күн гана калды

О! менен үнөмдөңүз: үй интернети, ТВ жана чексиз интернети бар үч номери – 1300 сомго

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет
Бардык жаңылыктар