Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору атайын жаңы акция - 4G Wi-Fi роутерди болгону 1 сомго сатып алуу жөнүндө маалымдайт. Акциянын чегинде «Чексиз 4G» кызматын 3 айга кошкондо, 4G-түзүлүштү бир аз гана баага сатып алса болот.
«Биз болушунча көп адам жогорку ылдамдыктагы чексиз 4G интернетин каалаган жерде пайдалана ала тургандай кылып, кыргызстандыктарга 4G-түзүлүштөрдү сатып алууга ушундай пайдалуу шарттарды сунуштап жатабыз. 4G көтөрө алган түзүлүштөргө суроо-талап төртүнчү муундагы тармак кызматтарынын жеткиликтүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды экендигин белгилемекчимин. Жыл башынан тартып өлкө боюнча тармакты масштабдуу кеңейтүү жүргүзүп жатабыз. Кыргызстандын жашоочулары аз акчага функционалдуу түзүлүштөрдү сатып алышы үчүн 4G-гаджеттерге бир нече акция жүргүзүп жатабыз. Жакында эле «Чексиз 4G» кызматын 2 айга кошкондо, 4G Wi-Fi Wingle-ди 1 сомго сатып алуу менен үнөмдөө мүмкүн болгон акция башталгандыгын эске салабыз. Девайстар биздин shop.o.kg интернет-дүкөнүбүздөн улам мурункудан да жеткиликтүү болуп калды. Анткени сатып алуучулар эч жакка барбастан, сатып ала турганын тандап, дарегин көрсөтүшсө эле жетиштүү. Курьер түзүлүштү бир сааттын ичинде жеткирет!», - деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.
Бул түзүлүштүн негизги артыктылыгы болуп колдонууда жөнөкөйлүк жана Wi-Fi-дын жардамы аркылуу бир убакта бир нече түзүлүшкө 4G интернет таратуу мүмкүндүгү. Иштөө үчүн атайын программалык камсыздоолорду орнотуу талап кылынбайт, болгону SIM-картаны гаджеттин ажырымына салыш керек. Интернет тармагына кошулуу жана Wi-Fi таратуу автоматтык түрдө жүрөт.
90 күнгө «Чексиз 4G» кызматын активдештирүү баасы - 4 170 сом.
Акция Бишкек ш., Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын областтарынын, ошондой эле Кара-Көл жана Токтогул шаарларынын аймактарында жүрүп жатат.
Акция боюнча түзүлүштөрдү О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же Бишкек ш. боюнча акысыз жеткирүүчү shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот. Акциянын кенен шарттары боюнча компаниянын www.o.kg расмий сайтынан таанышууга болот.
О! мобилдик оператору – дароо азыр кошул!

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар