Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик операторунун коллективи кыргызстандыктарды келе жаткан Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Ушуга байланыштуу, O!Store дүкөндөр тармагы бардык кардарларды -21%га чейинки майрамдык арзандатуулар менен кубантат.
Керектүү майда-чүйдө буюмдар менен технологиялык жаңылыктарды алуу үчүн келиңиздер. Аларды OSTORE.KG сайтынан тандаңыздар. Бизде сиздерди таң калтыра турган көп нерсе бар!
• -21% АРЗАНДАТУУ баасы 1500 сом жана андан арзан болгон аксессуарларга жүрөт;
• -10% АРЗАНДАТУУ баасы 1500 сомдон ашык болгон бардык аксессуарларга жүрөт.
Эгер сизге баасы үч миң сомдон ашуун буюм жагып калса, анда аны баштапкы төгүмсүз жана банктын пайыздарысыз кредитке же бөлүп төлөөгө тариздеп алсаңыз болот. Муну онлайн аткарыңыз – убакытты үнөмдөңүз.
0705 007 000 номерине чалыңыз же OSTORE.KG сайтына жазыңыз – сизге байланышабыз жана бардык суроолор боюнча консультация беребиз.
Кымбаттуу кыргызстандыктар, ар бир күнүңүздөр жакшы иштер менен коштолсун! Ар бир үйдө бакубаттуулук менен тынчтык орноп, жакындарыңыз менен туугандарыңыздын бекем ден-соолукта болууларына тилектешпиз.
Майрамыңыздар менен!
-21% чейин арзандатуу үч күн: 2022-жылдын 19, 20 жана 21-мартында O!Store дүкөндөрүнүн бүт тармагында, ошондой эле интернет-дүкөнүнүн OSTORE.KG сайтынан онлайн-тапшырыкты тариздеген учурда жүрөт. Товардын саны чектелүү. Кредит менен бөлүп төлөө «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан таризделет, банк аларды берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КРУБ лицензиясы: №037.

«Мой О!» супертиркемесине нөл баланс менен да акысыз кирсеңиз болот
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Бакубаттыктын символу: О! базалык станциясында кунастар (илегилектер) дагы уя салды
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
Бардык жаңылыктар