Акыркы жаңылыктар
Кайрадан ата мекендик рынокто О! Мобилдик оператору мобилдик байланыштагы кезектеги жаңылыкты киргизип жатат. Жаңы ураанга ылайык, оператор өз абоненттерине акысыз мүнөттөрдү жогорку ылдамдыктагы интернеттин гигабайттарына алмаштыруу боюнча уникалдуу мүмкүнчүлүктү берүүдө.
Бүгүнкү күндөн баштап, эң популярдуу «О!го которул» тарифтеринде О! абоненттерине өз тарифтериндеги сарпталбаган мүнөттөрүн жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетке алмаштырууга мүмкүнчүлүк бере турган атайын «Өзгөрүшүбүз керек!» Акциясы ишке киргизилди.
«Мындай алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн пайда болушу – жалпысынан мобилдик интернетти колдонуунун өсүп жаткандыгына, ошондой эле чексиз интернет-трафик жана абоненттердин арасында акысыз чалуулар каралган биздин тарифтердин популярдуулугуна түздөн-түз байланыштуу. Мобилдик рынокту анализдөө менен биз абоненттердин тармак ичинде акысыз баарлашууга көнүп калгандыгын, ал эми тармактан тышкары каралган акысыз мүнөттөр жөндөн-жөн эле колдонулбай калып жаткандыгын байкадык. Так ушул нерсе О! операторуна мезгил мене бирге кадам таштоого жана өз абоненттерине пайдалуураак шарттарды сунуштоого түрткү берди», - деп, О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко жаңылыкка түшүндүрмө берди.
Мүнөттөрдү гигабайттарга төмөнкү курс менен алмаштырса болот:
Эгерде сиз «О!го которул Light», «О!го которул Light+» же «О!го которул Light + TV Баштапкы» тарифтеринин биринде болсоңуз, башка мобилдик тармактарга 5 мүнөт чалууларды кошумча +1 Гигабайт максималдуу ылдамдыктагы интернетке ээ боло аласыз. *796*1# буйрутмасын терүү менен дароо азыр алмаштырса болот.
Толук маалымат o.kg сайтында жана 796 телефонунда.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар