Акыркы жаңылыктар
«Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы мурункудан дагы пайдалуурак жана ыңгайлуураак болуп калды.
Эми сервистин колдонуучулары Mbank Online`ды жана «Кыргызстан Коммерциялык банкынын» карталык эсептерин үйдө отуруп гана эмес, комиссиясыз дагы толуктай алышат. Мындан тышкары, О! төлөм терминалдары аркылуу Mbank Online`ды толуктаганда мындан ары комиссия алынбайт.
Тиркемедеги кызматтан пайдалануу үчүн «Мой О!» тиркемесин орнотуу, «О!Деньги» капчыгыныны онлайн-идентификациясынан өтүү жана каталогдон керектүү сервисти тандоо жеткиликтүү. Акча дароо которулат, ал эми электрондук чек төлөмдөр тарыхында сакталып калат.
Белгилей кетсек, «О!Деньги» капчыгына Mbank Online`дан акча которуулар үчүн комиссия дагы алынып салынган.
Тиркеме жөнүндө
«Мой О!» тиркемеси 2 миллиондон ашуун орнотуулар белгисинен ашты жана Кыргызстанда эң популярдуу тиркемелердин бири болуп саналат. О! абонентинин жеке кабинети номерди башкарууга, ал эми «О!Деньги» капчыгы каражаттарды капчыктарга жана карталарга которууга, ошондой эле 900дөн ашуун сервистерди, коммуналдык төлөмдөрдү, интернетти, айыппулдарды, кафелердеги эсептерди, дүкөндөрдөгү сатып алуулар, май куюучу бекеттердеги күйүүчү май жана башка көптөгөн нерселерди онлайн төлөөгө жардам берет.
«Мой О!» тиркемесин шилтеме аркылуу орнотуп алыңыз: Google Play же App Store.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц. №2021030817, №3022030817

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар