Акыркы жаңылыктар

O!Store дүкөндөр тармагында Samsung смартфондорун сатып алуу боюнча жаңы акция башталды.
2024-жылдын 21-майынан 31-майына чейин жаңы смартфонго кошумча катары, баасы 1000 сомго чейинки белек тандап алсаңыз болот!* Бул керектүү өткөргүч, кабель, пауэрбанк же кулакчын болушу мүмкүн.
Акцияга смартфондордун популярдуу моделдери: Samsung A15 2023, Samsung A25 2023 5G, Samsung A35 2024 5G, Samsung A55 2024 5G катышат.
Түзүлүштөрдүн түрдүү түстөрү бар. Кызгылт көк, көгүлтүр, сары седептердин кубулушунун көркүн өз көзүңүз менен баалап көрүш үчүн O!Store дүкөндөрүнө келиңиз. Оперативдик эстутумдун ар кандай көлөмдөрү бар. Кыскасы, жеке муктаждыктарыңызды канаттандыруу үчүн тандоо кеңири. Дээрлик бардык моделдерде 5G технологиясы иштейт – бул болсо, келечекке багытталган смартфон аласыз дегенди түшүндүрөт.
Бөлүп төлөөгө да алса болот
O!Store дүкөндөрүнөн бардык смартфондорду бөлүп төлөө шарты менен сатып алса болот, бул абдан ыңгайлуу. Сиз каражат топтоо үчүн убакыт коротуп отурбай, жаңы түзүлүштү азыр алып, колдоно баштайсыз. Жолжоболоштуруу тез эле, болгону паспорт керек.
Смартфонго ostore.kg сайтынан же 0 705 007 000 телефону аркылуу Бишкек шаарынын ичинде акысыз жеткирүү кызматы менен онлайн буйрутма берүү мүмкүнчүлүгү бар. Жакынкы O!Store дүкөнүнүн дарегин дагы ostore.kg сайтынан биле аласыз.
*Кардар белекке бир же бир нече аксессуар тандай алат. Белекке тандалган аксессуардын баасы кешбэктин суммасынан аз болушу мүмкүн. Эгер тандалган аксессуардын баасы кешбэктин суммасынан жогору болсо, айырма төлөнүүгө тийиш. Товардын саны чектелген.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар