Акыркы жаңылыктар
Эми сизге чалгандардын баарына эски номериңиздин жаңыга алмаштырылгандыгы тууралуу билдире турган "О! жеңил кадам” акысыз кызматы менен О! Мобилдик операторунун тармагынө кошулуу абдан эле оңой болуп калды.
Сиз өлкөдөгү башка операторлордун номерин О! тармагынын жаңы номерине алмаштырсаңыз, бардык жакындарыңыз, досторуңуз менен өнөктөштөрүңүзгө жаңы номериңиз тууралуу чалып же билдирүү таратууга убакыт коротуунун эми кереги жок. “О! жеңил кадам” кызматын кошоруңуз менен эски номериңизге чалган киши жаңы номериңизди билдирген добуштук билдирүү (IVR) уга алат, ал эми сизге болсо ким чалгандыгы тууралуу SMS-билдирүү келет. Мында жаңы номериңизди баарына билдиресизби, же жөн эле ким чалгандыгы тууралуу маалымат аласызбы, ошого жараша өзүңүз чечим кабыл аласыз.
Жаңы кызматты кошуу үчүн О! тармагындагү жаңы номериңизден *304# буйрутмасын терип, чакырууну басыңыз да нускамага ылайык аракет кылыңыз. Бардык башкаруу буйрутмалары тууралуу www.o.kg сайтынан билсе болот. Кызмат толугу менен акысыз көрсөтүлөт.
«О!го которул» жана өз контакттарыңарды жоготкондон коркпо!

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар