Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору бүт дүйнө боюнча роумингдеги абоненттерине камкордук көрөт.
Эми чет өлкөлүк саякаттарыңызда сиздин капыстан Wi-Fi-га кирүүгө мүмкүнчүлүгүңүздүн болбой калгандыгына, же балансыңызда каражат калбай калгандыгына карабастан, сиз ар дайым жеткиликтүү болосуз. Жаңы «Роумингдеги SMS-кабарламалар» жардамы менен сиз жакындарыңызга баары жайында экендигин билдирген кабар жибере аласыз. Бул кызматтын талашкыс артыкчылыгы мындай билдирүүлөрдү жөнөтүүнүн АКЫСЫЗ экендигинде.
О! тармагынын башка абоненттерине Сиздин саякатыңыздын азыркы абалынан кабарлоочу билдирүүнүн беш вариантынын бирин тандасаңыз болот. Жоготуп жибербөө үчүн телефонуңуздун китепчесине сактап алыңыз да, ар дайым байланышта болуңуз.
|
SMS билдирүүнүн тексти |
Терүүнүн буйрутмасы |
|
“Мен жеттим. Баары жайында” |
*117*О! абонентинин номери*1# |
|
“Мен чет өлкөдөмүн. Мага мессенжерден жазыңыз” |
*117*О! абонентинин номери*2# |
|
“Сураныч, мени менен байланышыңыз” |
*117*О! абонентинин номери*3# |
|
“Үйгө чыкканы жатам” |
*117*О! абонентинин номери*4# |
|
“Транспорт кармалып жатат” |
*117*О! абонентинин номери*5# |
|
USSD-командасыдын калдыгын текшерүү |
*117*9# |
Бул буйрутмалардын жардамы менен сиз чет мамлекетте О!тармагынын роумингинде жүргөнүңүздө башка О! абоненттеринин номерлерине суткасына 10 акысыз SMS жибере аласыз. Сиз SMS жөнөтүүчү абоненттин номери эл аралык же улуттук форматта көрсөтүлөт. Мисалы: 0707хххххх, 996707хххххх же +996500хххххх.
Баса,1 сомго 1 Мбайт пайдалуу интернет-роумингди Кыргызстандан чыгарда *997# буйрутмасы менен дагы АКЫСЫЗ кошсо болот.
Өз номерин сактоо менен чет мамлекетте жүргөндө кантип пайдалуу байланышта болуу керектиги жөнүндө кененирээк маалыматты o.kg сайтынын Роуминг бөлүмүнөн билсе болот.

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: 40% арзандатуу менен О! Үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!TV’де Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонун, Англия жана Испания матчын көргүлө

Интернет, төлөмдөр жана кешбэк: О! Чыныгы ыңгайлуу роумингди сунуштайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: О! операторунан үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!
Бардык жаңылыктар