Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Бишкек шаарынын жашоочуларын жана конокторун биринчи О!Store-дун - Кыргызстан үчүн принципиалдуу жаңы форматтагы соода мейкиндигинин ачылышына чакырат. Бул дүкөн өзүнө дүкөн жана оператордун кардарлары үчүн клуб идеясын камтып турат. Эми сатып алуучу сатып алардын алдында смартфондордун бардык мүмкүндүктөрүн ошол жерден сынап көрө алат. Ал эми баарын билген мыкты кеңешчилер гаджеттердин артыкчылыктарын кантип максималдуу натыйжалуу колдонуу керектигин көрсөтүп беришет. О!Store-до смартфондорду жана 4G-түзүлүштөрдү төлөө мөөнөтүн узартып сатып алуу үчүн керектүү документтерди ошол жерден жол-жоболоштурууга болот.
«Маалыматтарды берүүнүн көлөмүнүн көп эсе көбөйүшү – бул рыноктогу негизги тренд. Албетте, керектөөчү барган сайын жаңы кызматтар, заманбап технологиялар жана пайдалуу интернет сунуштар боюнча кеңештерди ылдам жана ыңгайлуу алууга муктаж болот. Биз сатууну жогорку даражада тейлөө менен бириктирүүгө аракет кылдык. Келиңиздер жана смартфондун жаккан моделин текшерип көрүнүздөр!», – деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.
Ошондой эле О!Store-дун сатып алуучулары О!дон мобилдик интернеттин артыкчылыктарын баамдай алышат, анткени каалаган смартфонду сатып алганда 30 күнгө чексиз 4G интернет белекке берилет.
Биринчи О!Store Бишкектеги ЦУМ соода борборунда жайгашкан. Дүкөндүн ассортиментинде - Apple, Samsung, Xiaomi, LG жана Lenovo моледдери бар, ошондой эле девайстар үчүн аксессуарлардын чоң тандамы сунушталган. Мындан тышкары, дүкөндө О! мобилдик операторунан фирмалык 4G-түзүлүштөрдү сатып алууга болот. Дүкөндүн расмий ачылышы 8-апрелде болот, дареги: Бишкек ш., ТЦ ЦУМ соода борбору, Чүй пр., 155. Иштөө убактысы - 10.00 тартып 20.00 чейин.
О!Store – сенин ийгиликтүү сатып алышың!

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар