Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Ош шаарында жаңы О!Store дүкөнү ачылгандыгы жөнүндө маалымдайт. Дүкөндүн ассортиментинде - Apple, Samsung, Xiaomi, LG, Lenovo, Asus жана башка белгилүү өндүрүүчүлөрдүн моделдери, ошондой эле фирмалык аксессуарлардын чон тандамы сунушталган. Мындан тышкары, дүкөндө О! мобилдик операторунан фирмалык 4G-түзүлүштөрдү сатып алууга мүмкүндүк бар.
О!Store-дун тажрыйбалуу кенешчилери гаджеттердин артыкчылыктарын кантип максималдуу натыйжалуу колдонуш керектигин көрсөтүп беришет. Девайстарды сатып алганда кардарларда товарларды төлөө мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу үчүн керектүү документтерди жол-жоболоштурууга мүмкүндүктөрү бар. О!Store-дун дагы бир артыкчылыгы – мобилдик телефондорго расмий кепилдик тейлөө көрсөтүлөт.
«Дүкөндүн ачылышына биз күткөндөн да көп адамдын келиши, албетте, бизди аябай кубандырды. Ушул күндү биз менен өткөрүп, конкурстарга активдүү катышып, дүкөндүн ачылыш майрамында биз менен болуп, позитив менен бөлүшкөнүнүздөр үчүн рахмат! Ош шаарындагы О!Store дүкөнүндө болбогондордун баарын чакырабыз, келип смартфондун сизге жаккан моделин текшерип көрүнүздөр!», – деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко айтып берди.
Каалаган смартфонду сатып алганда кардар жагымдуу бонус – 30 күнгө чексиз мобилдик интернет аларын белгилейбиз.
Жаны O!Store дүкөнү Ош шаары, Араван району, Курманжан Датка көчөсү, 256 дарегинде жайгашкан.
Бишкектеги O!Store дүкөндөрүнүн даректерин эске алабыз:
✔ Бишкек Парк, М1-кабат (болжол менен –«Yimpaş» гипермаркети, «Sulpak» дүкөнү).
✔ ЦУМ, 1-кабат
✔ VEFA-борбору (1-кабат)
✔ Юнусалиев көчөсү, 177/1 («Бета Сторес-2» жанында).
О!Store – сенин ийгиликтүү сатып алышың!

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады

Шакиранын концертине билеттер: O!Bank аркылуу бөлүп төлөңүз же «Мой O!» менен 5% кешбэк алыңыз!

О! операторунан 7 000 сомдон ашык үнөмдөө: Роутер жана ТВ-приставка бекер берилет!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: 40% арзандатуу менен О! Үй-бүлөлүк интернет жана байланыш
Бардык жаңылыктар