Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандыктар 1-сентябрга чейин транспорт, турак-жай жана короонун жанындагы жер салыгын тѳлѳѳгѳ милдеттүү. «О!Деньги» капчыгы аркылуу салыктын бардык түрлѳрүн ыӊгайлуу жана тез тѳлѳсѳ болот.
Муну кантип аткарса болот:
Транспорт салыгын тѳлѳш үчүн унаанын маалыматтары менен ээсинин ИНН номерин көрсөтүү жетиштүү. Сервис автосалыктын суммасын автоматтык түрдѳ эсептеп чыгып, бир нече клик менен жана комиссиясыз тѳлѳѳ мүмкүндүгүн берет. Кененирээк маалымат видео нускамада: https://youtu.be/aWzFc93HvNY
Тѳлѳм ишке ашырылгандыгы жѳнүндѳ электрондук дүмүрчөктү оңой эле сактап, же болбосо өзүңүздүн почтаңызга же мессенджериңизге жиберип, чыгарып ала аласыз. Ал эми төлөмдүн статусун дүмүрчѳктүн номери боюнча МСК сайтынан текшерип алууга болот.
«О!Деньги» капчыгы аркылуу дагы 200дѳн ашуун мамлекеттик кызмат үчүн тѳлѳм жүргүзүү мүмкүн экенин эскерте кетмекчибиз:
Паспорт даярдоо үчүн тѳлѳм;
Юстиция министрлигинин сервистерин жана нотариустун кызматтарын тѳлѳѳ;
ИИМ кызматтарын тѳлѳѳ (соттолбогондугу тууралуу маалымкат, апостиль басуу);
ЖААК кызматтарын тѳлѳѳ (никелешүүнү жана никени бузууну каттоо, баланын тѳрѳлгѳнүн каттоо ж.б.);
Камералардан жана колго жазылган айыппулдарды тѳлѳѳ;
Патенттерди тѳлѳѳ жана башка кѳптѳгѳн кызматтар;
Google Play же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин орнотуӊуз.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан берилет. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Сапатка инвестиция: О! өлкө боюнча LTE түйүнүн кыйла күчөттү

Чет өлкөлүктөр үчүн O! байланышы: eSIM онлайн же SIM-карта — каалаган өлкөнүн паспорту менен

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!
Бардык жаңылыктар