Акыркы жаңылыктар

Үйдө калууга мажбур болуп жаткан учурда, биз төрт дубалдын ичинде сизге жайлуулук тартуулап, убакытты кызыктуу өткөрүүңүзгө аракет жасоодобуз.
Негизги бизнес-процесстердин ишин үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн көпчүлүгүңүздөр, анын ичинде О! Мобилдик операторунун кызматкерлеринин көпчүлүгү да азыр үйдө иштеп жатышат. Мына ошондуктан, О! тармагынын бардык сервистери жана кызматтары сапаттуу жана толук көлөмдө көрсөтүлүп жатат.
Жогорку ылдамдыктагы интернеттин таратуучулары
Интернетте иштөө же онлайн мультимедиа көрүүдө роутер же вингл алмаштырылгыс болуп саналат. Аларды бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө ташуу оңой, ал эми интернетке 10го чейин үй-бүлө мүчөлөрү кошулса болот. Автономдуу аккумулятор роутердин артыкчылыгы болуп саналса, винглди USB-порт аркылуу бардык түзүлүштөргө кошсо болот. Сиз биз менен бул түзүлүштөрдү сатып алууда үнөмдөйсүз, интернетке гана төлөйсүз. 0705 000 007 телефон аркылуу чалыңыз же ostore.kg сайтына жазыңыз, биз Бишкек боюнча эшигиңиздин алдына чейин баарын жеткирип беребиз!
Акысыз байланыш + Үй интернети керекпи?
«Бирге арзан!» (роутер + 3 SIM-карта) комплектисин кошуп алыңыз да, үй-бүлөлүк бюджетиңизди тыйынына чейин пландап алыңыз. Акысыз байланышка кошумча катары сиздин үйүңүздө ар бир үй-бүлө мүчө үчүн роутердеги жогорку ылдамдыктагы үй интернети дагы болот. Комплекттин эң башкы ыңгайлуулугу байланыш кызматтары жана интернет үчүн бир гана номер, мисалы, үйдүн ээси гана төлөйт, ал эми калгандары өз балансы тууралуу сарсанаа болушпайт. Кошуп алуу үчүн 0500 000 955 номерине чалыңыз. Толук маалымат бул жерде ➡ vmeste.o.kg.
Бул татаал мезгилде баарына мессенжерлерге, социалдык тармактарга, жаңылыктарга кирүү, фильмдерди көрүү жана музыка угуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, ошондой эле ар дайым байланышта болууларына шарт түзүү максатында, биздин техникалык адистердин командасы бүт кыргызстандыктарды ылдам жана сапаттуу интернет менен камсыздоонун үстүндө иштеп жатат.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар