Акыркы жаңылыктар
«Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы ынгайлуураак жана функционалдуураак болуп калды. Эми колдонуучулар капчыкка Visa жана MasterCard карталары гана эмес, «Элкарт» картасын дагы кошуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. «О!Деньги» капчыгын «Элкарт» төлөм тутуму менен интеграциялоо накталай эмес төлөмдүн мүмкүнчүлүгүн бир кыйла кеңейтет жана өз смартфонуңдан дароо карта менен төлөмдөрдү жургүзүүгө шарт түзөт!
«О!Деньги» капчыгы аркылуу банктык карталарды колдонуунун 6 артыкчылыгы:
Картаны тиркемеге кошуу оңой. Картанын маалыматтарын бир жолу көрсөтүү жетиштүү болот, андан кийин реквизиттерди киргизүүгө убакыт кетпейт.
Тиркемедеги карта менен сиз дайыма төлөө ыкмаларын тандай аласыз: каражаттар жеткиликтүү болсо электрондук капчыктан, эгер капчыкта каражаттар жеткиликсиз болсо кошулган карталардан төлөсө болот.
Кошулган банктык карта капчыкты дароо толуктоого мүмкүндүк берет, эми терминал издөөнүн кереги жок.
Эч кандай ашык төлөмсүз! Каалаган банктын «Элкарт» карталары менен «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөм жүргүзүүдө комиссия алынбайт.
Ар бир транзакция маалыматтардын коопсуздугунун эл аралык PCI DSS стандартына ылайык корголгон.
Тиркеме тууралуу:
«Мой О!» (http://o.kg/l/myo) — бул чыгымдарды контролдоого, тарифти тандоого, гигабайттардын жана мүнөттөрдүн калдыгын кароого, ошондой эле ыңгайлуу «О!Деньги» капчыгы аркылуу интернетти, коммуналдык кызматтарды, онлайн-оюндарды, ЖКК айып пулдарын жана 300дөн ашуун сервистерди төлөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү функционалдык мобилдик тиркеме болуп саналат.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт.
КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар
Бардык жаңылыктар