Акыркы жаңылыктар
Red Petroleum май куюучу станцияларынын тармагында «О!Деньги» капчыгы аркылуу тѳлѳгөн учурда күйүүчү майдын ар бир литринен 80 тыйынга арзандатуу!
Накталай эмес ылдам тѳлѳѳ айдоочуларды кассага баруу, кезекке туруу же станциянын операторунун жардамын күтүү зарылчылыгынан бошотуп, акчасынан гана эмес алардын убактысын кыйла үнѳмдѳөгө жардам берет.
Бул кандай иштейт?
Автоунаага ѳз алдынча май куюу үчүн ар бир ѳзүн-ѳзү тейлѳѳ колонкасында жеткиликтүү болгон жѳнѳкѳй нускама боюнча иш-аракет аткаруу талап кылынат:
Пистолетти бензобакка салып, май ѳткѳрүү баскычын басыӊыз.
«Мой О!» тиркемесин ачыңыз, "О!Деньги" бөлүмүнө өтүңүз.
Колонкадагы QR-кодду сканирлеӊиз жана тийиштүү сумманы тѳлѳӊүз.
Май куюлуп бүткѳнгѳ чейин күтүп, андан соӊ пистолетти чыгарып, колонкага илип коюӊуз.
Толук нускама видеосерепте.
Азыркы учурда «О!Деньги» аркылуу онлайн төлөө менен ѳзүн-ѳзү тейлѳѳ колонкалары Бишкек шаарында иштеп жатат. Жакынкы арада долбоор ѳлкѳ боюнча Red Petroleum май куюучу станцияларынын тармагында ишке ашырылат.
«Мой О!» тиркемесин шилтемеси аркылуу орнотуп алыңыз.
Арзандатуу «О!Деньги» аркылуу төлөгөн учурда Red Petroleum МКС тармагында 2020-жылдын 1-июнунан 1-августуна чейин жүрөт.
«О!Деньги» кызматы «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кѳрсѳтүлѳт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.

О! HRге мыкты IT иштетилмеси үчүн эл аралык сыйлык алды
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!
Бардык жаңылыктар