Акыркы жаңылыктар
Эми «О!Деньги» төлөм тутумунун пайдалануучулары коммуналдык кызматтарга, интернетке, ТВ жана мобилдик байланышка гана эмес, "Народный" жана Globus дүкөндөрүнөн сатып алган буюмдары үчүн да төлөй алышат.
Эч кандай чектерге кол коюунун кереги жок, акча калдыктары менен да ишиңер болбойт. Тез соода үчүн сизге накталай акчанын же банктык картанын да кереги жок, ар дайым жаныңарда жүрүүчү смартфон гана жетиштүү. Мобилдик тиркемеде эки жолу клик бастыңбы, баары даяр! Ошентип, «О!Деньги» тиркемеси аркылуу сатып алган буюмдарга төлөө, бүгүнкү күндөгү супермаркеттердеги эсептешүү ыкмаларынын эң тез түрү болушу керек.
ПАЙДАЛУУ! "Народный" жана Globus дүкөндөр тармагындагы ар бир сатып алууңуз сизге 1%га арзан түшөт, анткени которуу жолу менен жүргүзүлгөн төлөмгө сатык салыгы колдонулбайт.
КОМИССИЯСЫЗ! Сатып алган буюмдарга «О!Деньги» электрондук капчыгын колдонуу менен эч кандай комиссиясыз төлөө мүмкүн.
49 «Народный» дүкөндөр тармагындагы жана 10 Globus гипермаркетиндеги сиздин аракеттериңиз:
1-кадам: Кассирге «О!Деньги» тиркемеси аркылуу төлөй тургандыгыңызды айтыңыз. Кассанын экранында QR-код көрүнөт;
2-кадам: Тиркемеде «QR боюнча төлөө» менюсун ачыңыз, сканер кылыңыз жана сатып алууңузду тастыктаңыз.
Буга чейин эч качан кассалардагы төлөмдөр мынчалык тез жана ыңгайлуу боло элек болчу!
Баса, капчыкты бардык кеңселерден же О! терминалынан КОМИССИЯСЫЗ толуктоого болот.
Сиздерге «О!Деньги» тиркемесинен жагымдуу сатып алууларды каалайбыз!

Үйрөнчүктөрдөн санариптик дүйнөнүн архитекторлоруна чейин: О! экосистемасын жараткандардын тарыхы

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар