Акыркы жаңылыктар
Күн сайын Жардам штабы аз камсыз болгондорго колдоо көрсөтүп келет. О! Мобилдик оператору өлкөнүн башына келген оор кырдаалда четте карап турган жок жана аз камсыз болгондорго каражаттарды топтоо боюнча атайын эсепке "НУР Телеком" ЖЧК 1 миллион сом которду.
Мындан тышкары О! Мобилдик операторунун колл-борбору 1227 кыска номерине келген чалуулардын бир бөлүгүн өзүнө алды. Номерге чалуу баары үчүн акысыз. Бул номер аркылуу бардык муктаж жана аз камсыз болгон жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кишилер жана башка оор кырдаалдарга кабылган кыргызстандыктар жардам сурап кайрыла алышат.
Чалууларды кабыл алуудан тышкары, О! компаниясында кайрылуулардын максималдуу санын кабыл алуу үчүн электрондук анкетаны кошумча иштеп чыгышты. Бул анкетаны толтуруу менен жарандар оператордун жообун күтпөстөн, жардам көрсөтүү сурамын калтырып коё алышат. Ишенип коюңуздар, сиздердин бардык сурамдар катталат жана Жардам штабына берилет.
О! Мобилдик операторунун базасында 1227 кыска номери ачылган күндөн тартып, бир суткада 7000ден ашуун чалуулар иштелип чыкты жана 1000ден ашуун электрондук анкеталар катталды, мында О! абоненттеринин жардам сураган сурамдары күнү-түнү кабыл алынат.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар