Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору эки жылдын ичинде Жалпы улуттук 4G тармагын куруу боюнча долбоорун ийгиликтүү жүзөгө ашырды.
Бул тууралуу бүгүн Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун, аткаруу бийлигинин, депутаттык корпустун, бизнес-коомчулуктун, электр байланыш операторлорунун, коомдук бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн “Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү” аттуу Биринчи Телекоммуникациялык Форумда белгилүү болду.
Президент белгилегендей, Кыргыз Республикасынын бардык айыл аймактарын кең тилкелүү интернетке кирүү менен камсыз кылуу бардык телеком-операторлорунун эң биринчи алдына коюлган милдеттеринен болуп саналат. Интернетке жалпы кирүү мүмкүнчүлүгү калктын турмуш сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет, билим алууга, бизнесин өнүктүрүүгө жана аймактарда санариптик кызматтардан пайдаланууга жагымдуу шарттарды түзөт. Мында өлкөнүн дээрлик 90%ы тоолуу аймактарга кирерин жана узак жайгашкан региондордун бардык айылдарына байланыштын булалык-оптикалык линияларын өткөрүү абдан кыйынчылыктарды жаратарын унутпоо керек.
О! Мобилдик оператору Кыргызстандын калкынын 94%ын 4G интернетке жалпы жетүү мүмкүндүгүн камсыздады. Мунун натыйжасында, Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында лидерлик позицияда турат.
Бүгүнкү күндө О! оператору тарабынан аябагандай чоӊ иш аткарылды, Кыргызстандын 6 миллионго жакын тургуну О! операторунан инновациялык технологияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Ал эми О! мобилдик операторунун тармакты ѳнүктүрүү багытындагы капиталдык инвестициялары 3 жылдын ичинде 65 миллион АКШ долларынан ашты.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар