Акыркы жаңылыктар
«Мой О!» мобилдик тиркемесинде битир-садаганы онлайн тѳлѳѳ мүмкүндүгү жаралды. Рамазан айында тѳлѳнѳ турган кайыр тѳлѳмдү «О!Деньги» капчыгы аркылуу үйдѳн чыкпай туруп бир нече клик менен тѳлѳп коюу мүмкүн.
Битир-садаганы онлайн кантип тѳлѳсѳ болот?
«Мой О!» тиркемесин орнотуӊуз;
«О!Деньги» бѳлүмүн ачыӊыз;
«Кайрымдуу иштер» вкладкасын табыӊыз;
«Битир-садаганы» тандаӊыз;
Телефондун номерин, тийиштүү сумманы кѳрсѳтүп, тѳлѳмдү ишке ашырыӊыз.
«О!Деньги» капчыгынын жардамы менен жетимдерге жардам, кайрымдуулук, зекет сыяктуу башка кайырларды дагы тѳлѳсѳ болот.
Каражаттар толугу менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине түшѳт.
Белгилей кетчү нерсе, орозо кармагандардын ыӊгайлуулугу үчүн «Мой О!» тиркемесинде Кыргызстандын бардык аймактары боюнча ооз жабуу жана ооз ачуу убактылары кѳрсѳтүлгѳн Орозонун онлайн-календары орун алган.
О! Мобилдик оператору ушул ыйык айда ар бир үй-бүлѳгѳ тынчтык, кубаныч, аманчылык жана ѳз ара жардамдашууну каалайт!
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц.: №2021030817, №3022030817.

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: 40% арзандатуу менен О! Үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!TV’де Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонун, Англия жана Испания матчын көргүлө

Интернет, төлөмдөр жана кешбэк: О! Чыныгы ыңгайлуу роумингди сунуштайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: О! операторунан үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!
Бардык жаңылыктар