Акыркы жаңылыктар
Мурун насыяны жолжоболоштуруу үчүн жетекчиден суранып, дүкөнгө барып, узун анкеталарды толтуруп, анан банктан жооп күтүү керек эле. Азыр болсо, баары башкача.
2019-жылдын май айынын башынан баштап, ostore.kg интернет-дүкөнү «Дос-Кредобанк» ААК менен биргеликте смартфонду сатып алуу үчүн насыяны онлайн жолжоболоштурууну сунуштайт.
Насыя алуу оңойдон-оңой: сиз насыяны алуу үчүн онлайн-өтүнмө толтурасыз, жана банктын макулдугун алган соң, жөн гана жапжаңы смартфонуңузду алып кетесиз!
Насыяны кантип онлайн жолжоболоштурса болот
Насыялоо программалары жеке баргандагыдай эле онлайн иштейт. Үйдөн чыкпай туруп телефонду насыяга сатып алуу үчүн жактырып калган смартфондун баракчасындагы «Насыяга жолжоболоштуруу» баскычына басуу керек. Андан ары сайт сизди анкета толтуруу баракчасына жөнөтөт, ал жерде сиз скан-копияларды же документтердин сүрөттөрүн жүктөшүңүз керек:
Паспорттуне эки тарабы (эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жериңизден маалымкат, эгер ID-карта болсо, жашаган жериңизден маалымкат талап кылынбайт);
Айлык акы тууралуу маалымкат же акыркы 3 айга жарактуу патент (жеке ишкер үчүн).
«Өтүнмө жиберүү» баскычын басыңыз. Даяр!
Сиз менен O!Store менеджерлери өтүнмөнүн бөлүктөрүн тактоо жана тапшырыкты тастыктоо үчүн байланышка чыгышат. Ал эми бир нече убакыттан кийин, эгер банк оң чечим чыгарган болсо, биз сизди жакын жайгашкан O!Store дүкөнүнө келишимге кол коюу жана смартфонуңузду алып кетүү үчүн чакырабыз. Насыяны алуу үчүн онлайн-өтүнмөнү жолжоболоштуруу азырынча Бишкекте гана жеткиликтүү. Кошумча маалыматты ostore.kg сайтында же 0705 007 000 номери аркылуу алсаңыз болот.
O!Store сизге тез жана ийгиликтүү сатып алууларды каалайт!

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты

ИТ-гигант ишин баштады: О! келечектеги лидерлер үчүн акы төлөнүүчү DataCamp программасын ишке киргизет
Бардык жаңылыктар