Акыркы жаңылыктар
Августтун башында О! Мобилдик оператору 5G ылдамдык стандартынын акыркы технологияларынын алгачкы сыноолорун ѳткѳрүп, Кыргызстанда биринчи жолу 1,5 Гбит/с кѳрсѳткүчүн алды.
Бул технология бүтүндѳй экономиканын ѳнүгүүсүнѳ ѳбѳлгѳ боло алат. Бирок азырынча жашоо үчүн маанилүү чѳйрѳ - медицинадагы IT-технологиялардын келечеги тууралуу айтып берели.
Саналуу гана секунддар калганда…
5G технологиясынын ылдамдыгы менен ѳткѳрүү жѳндѳмдүүлүгү жогору болгондуктан, медициналык кызматтардын кѳрсѳтүлүшүн ѳзгѳртѳ алат. Бул кубаттуу тармак Кыргызстанда жаӊыдан гана колдонула баштаса да, саламаттыкты сактоо тармагы үчүн чоӊ потенциалга ээ.
5G мүмкүндүктѳрү:
Жогорку тактыктагы медициналык сүрѳттѳр (маселен, рентген сүрѳттѳрү жана МРТ);
Бейтаптарга аралыктан мониторинг жүргүзүү үчүн телемедицина демилгелерине кѳмѳктѳшүү;
Жасалма интеллектти, кошумчаланган жана виртуалдуу чындыкты кыйла комплекстүү колдонуу мүмкүндүгү. Жѳнѳкѳй мисал: 5G жардамы менен дарыгер миӊдеген километр алыстыктан эле бейтаптарга УДИ жүргүзѳ алат. Дарыгер бетме-бет кабыл алууда болгон сыяктуу эле, тактилдик маалыматка чейин, бардык маалыматтарды ала алат.
Эксперттер роботтоштурулган хирургия үчүн, окуп-үйрѳтүүдѳ кошумчаланган жана виртуалдуу чындыктын аспаптарын колдонууну илгерилетүү үчүн дагы чоӊ перспективалар бар экенин белгилешет.
Булар менен катар эле, 5G медицина мекемелеринде колдонулган мобилдик түзүлүштѳр менен планшеттерде кыйла тез маалымат жүктѳѳгѳ жана алмашууга жардам берет.
Технология Медицина буюмдарынын интернетинин түзүлүштѳрү менен бейтаптарды аралыктан кѳзѳмѳлдѳп турууга арналган жанына алып же тагынып жүрүүчү башка түзүлүштѳрдүн барган сайын кеӊейип жаткан тармагы үчүн дагы пайдалуу. Бул клиницисттерге бейтаптын абалын анализдѳѳ максатында жашоо үчүн маанилүү кѳрсѳткүчтѳргѳ, дарылануу ниетине жана башка маалыматтарга жакшыраак байкоо жүргүзүүгѳ мүмкүндүк берет.
Роботтоштурулган хирургия үчүн аспаптарды колдонууда 5G потенциалы жогору экенин алдын ала айта алабыз. Анткени дарыгер менен бейтаптын ортосундагы аралыкты (ошондой эле техникалык кечигүү убактысын) жоюуга жардам берет. Алгачкы ирет мындай аракет былтыр Кытайда жасалган: 5G жардамы менен дарыгер 1900 миль аралыктан Паркинсон оорусуна чалдыккан бейтаптын баш мээсин стимуляциялоо үчүн роботтоштурулган түзүлүштү орноткон.
О! тармагындѳгү 5G жаӊылыктары менен компаниянын Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларынан таанышып туруӊуздар. Сиздерди кызыктуу кѳп нерсе күтѳт.

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк
Бардык жаңылыктар