Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору “Мой О!” тиркемесинин бардык колдонуучулары үчүн уникалдуу кызматты ишке киргизип, кардарлардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда.
“О!Деньги” электрондук капчыгынан каражаттарды накталай алуу, банк карталарынын жардамы менен гана эмес, О!Store дүкөндөрүнүн кеңири тармагы аркылуу алууга жол ачты. Мындай мүмкүнчүлүк Кыргызстандагы алгачкы кызмат.
Жаңы кызмат капчыктагы каражаттарды бир нече мүнөттө жана комиссиясыз алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал үчүн паспорт гана керектелет. Мында белгилеп кетерибиз, жакын жайгашкан кеңсени табуу, сизге эч кыйынчылык жаратпайт. Анткени, О!Store тармагынын 100дөн ашык дүкөндөрү өлкөнүн бардык аймактарында орун алган.
Тиркеме жөнүндө
“Мой О!” тиркемесин көчүрүп алуу 2 миллиондон ашып, Кыргызстандагы бирден-бир популярдуу тиркемелерден болуп калды. О! абонентинин жеке кабинети номерди башкарууга жардам берсе, ал эми “О!Деньги” капчыгы көз ирмемде каражаттарды капчыктарга жана карталарга которууга, телефондун балансынан 900дөн ашык кызматтарды аралыктан төлөөгө, электрондук капчыкты же ага кошулган карталарды толуктоого мүмкүнчүлүк берди.
Каражаттарды накталай алуу “О!Деньги” капчыгындагы электрондук акчалар үчүн гана жеткиликтүү.
“О!Деньги” электрондук акчаларынын эмитенти - “Дос-Кредобанк” ААК, КРУБ лицензиясы: №037
“О!Деньги” кызматы “Грин Телеком Сервис” ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

Үйрөнчүктөрдөн санариптик дүйнөнүн архитекторлоруна чейин: О! экосистемасын жараткандардын тарыхы

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар