Акыркы жаңылыктар

O!Bank казакстандык финтех-лидери Kaspi.kz менен биргеликте коңшу өлкөдө үйдөгүдөй эле ыңгайлуу шартта төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жаңы сервисти ишке киргизди.
Эми кыргызстандыктар Казакстанда товарларды жана кызматтарды «Мой О!» тиркемеси аркылуу Kaspi QRди сканерлөө менен төлөй алышат. Мында эч кандай комиссия жок – баары өз өлкөсүндөгүдөй.
Мындан тышкары, O!Bank'тын кардарларына Kaspi.kz'ке телефон номери менен комиссиясыз тез которуулар жеткиликтүү.
Кыргызстанга келген казакстандыктар үчүн Kaspi.kz тиркемеси аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү бар: кыргыз сатуучунун QR-кодун сканерлөө жетиштүү.
Төлөмдүн бул мүмкүнчүлүгү Кыргызстандын Улуттук банктар аралык процессинг борбору менен биргеликте иштелип чыккан жана киргизилген QR-коддорунун улуттук стандарты ELQRдин базасында ишке ашырылган.
Жаңы сервис эки өлкөнүн ортосунда жүргөндө накталай акча же банктык карталарды алып жүрүү зарылдыгын толугу менен жокко чыгарат.
Болгону кадимки мобилдик тиркеме керек: «Мой О!» же Kaspi.kz.
Толук маалымат: obank.kg. «Мой О!» супераппын Google Play же App Store'дон Кыргызстандын каалаган операторунун SIM-картасы менен жүктөп алыңыз.
«О!Банк» ААК. КРУБдун 2024-жылдын 17-сентябрындагы №044 лицензиясы.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

QA/SDET инженери бол: О! компаниясынан InternLabs акысыз такшалмасына кабыл алуу башталды!

Окууга «Мой О!» менен даярданабыз: 95 сомдон тарифтер, окуу акысын төлөө жана кешбэк

O!TV тиркемесинен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болуңуз
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар