Акыркы жаңылыктар
Белектерди тартуулаган, аларды алгандан да жагымдуурак деп бекеринен айтылбаса керек. O!Store дүкөндөр тармагы бул сөзгө толугу менен ынангандыктан, бардык кардарлар үчүн түрдүү Акцияларды жана майрамдык арзандатууларды дайыма уюштуруп келет!
Бардык O!Store дүкөндөрүндө сиздин мобилдик телефонуңузга аксессуарлардын ичинен керектүүсүн сатып алуу абдан ыңгайлуу, ассортименти абдан көп, жалпысынан алганда – бул жерде мобилдүү болуу үчүн бардык нерсе бар! Бул сапар Юнусалиев проспектиси, 177/2 дарегиндеги «Beta Stores 2» соода борборундагы O!Store фирмалык дүкөнүндө бардык кардарларды 2018-жылдын 7-майынан 20-майына чейин бүт аксессуарларга -20% АРЗАНДАТУУЛАР күтөт.
Ал эми, эртең 8-майда, кечки саат 18:00дө «Beta Stores 2» соода борборундагы O!Store дүкөнүнүн кардарларын дагы бир жагымдуу сюрприз күтөт – ушул эле күнү, балансты толуктап, смартфондорду же аксессуарларды жагымдуу сатып алууларды жүргүзүү менен дүкөндүн кардарлары чексиз экрандуу LG Q6a 2017 жаңы смартфондун АКЫСЫЗ ээси болуу шансына туш болушат! Бул телефондун кызыктуу «фишкасы» бар – ал кишинин жүзүнөн тааный алат! Аны кармаганга да ыңгайлуу жана бир кол менен эле башкарса болот. Смартфон nanoSIM форматындагы SIM-карталар үчүн эки слотко жана бүгүнкү күндө чейрек кездешүүчү microSD эс тутум картасы үчүн бөлөк слотко ээ. Кеңири форматтуу маңдайкы ‒ 5 Мп жана тарткан сүрөттөрдүн мыкты сапатын камсыздай турган негизги ‒ 13 Мп (вспышкасы жаан автофокусу менен) камералары бар.
Өндүрүүчү-фирмалардын расмий кепилдиги берилген смартфондордун башка моделдери да сатылат. Эскерте кетсек, бардык смартфондорду байланыш кызматтарына 50% арзандатуу менен насыяга сатып алса болот. Мисалы, LG Q6a 2017 смартфонун насыяга сатып алганда айына минималдуу төлөмү болгону 1424 сомду түзөт. Ошондой эле мындай сатып алууну жолжоболоштурууда документтердин минимум топтому талап кылынат: паспорт жана айлык акы тууралуу маалымкат, же жеке ишкердин патенти.
«Beta Stores 2» соода борборундагы дүкөндүн иштөө графиги: 10:00дөн 21:00гө чейин, тыныгуусуз жана дем алышсыз.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар