Акыркы жаңылыктар

Мурда оператордон чалууларды, SMSтерди жана уюлдук интернетти гана күтүшчүбүз. Бүгүнкү күндө смартфон – бул банк, дүкөн, навигатор жана капчык. Биз үчүн байланышта болуу эле эмес, электр жарыгын тез төлөп берүү, апама Кыргызстандын каалаган жерине акча которуу, насыя алуу, смартфон сатып алуу, азык-түлүктү заказ кылуу, арзан авиабилет алуу жана кадимки сатып алуулар үчүн бонустарды алуу маанилүү.
Дал ушул себептен улам О! – бул жөн гана байланыш эмес, көптөн бери уникалдуу санариптик экосистема болуп калды. Анын борбору – «Мой О!«, суперколдонмосу, ал 10 миллиондон ашык жолу жүктөлгөн. Маанилүүсү, бул колдонмо ар бир адам үчүн жеткиликтүү – кайсы байланыш операторун колдонгонуна карабастан.
Бир кирүү – ондогон чечимдер
Эми сизге ар кандай колдонмолордун ортосунда өтүүнүн кереги жок. «Мой О!» ичинде баары бирдиктүү, үзгүлтүксүз форматта топтолгон:
• Байланыш: Тарифти, гигабайттардын жана мүнөттөрдүн калдыгын башкаруу.
• Банк жана финансы: О!Bank аркылуу төлөмдөр, депозиттер жана онлайн-кредиттер – кезексиз.
• Коңшу өлкөлөргө комиссиясыз акча которуу: Колдонуучулар Kaspi.kz аркылуу Казакстанга заматта акча жөнөтүп, QR менен төлөм жүргүзө алышат, ошондой эле Өзбекстанга карта же телефон номери аркылуу онлайн которууларды жасай алышат.
• Бизнес үчүн баары: Ишкерлерге эсептер, төлөм кабыл алуу жана кредиттер.
• Шопинг жана тамак-аш: O!Store аркылуу смартфондорду бөлүп төлөө менен алуу, O!Market аркылуу товарлар менен азыктарды жеткирүү.
• Жеткиликтүүлүк: Өлкө боюнча эң ири терминалдар жана банкоматтар тармагы.
О! адамды бир гана учурда эмес, күн бою коштоп жүрөт: ал сүйлөшкөндө, төлөгөндө, сатып алганда, иштегенде, эс алганда же жакындарына жардам бергенде.
Баары бир чыкылдатууда чечилет
Азыр биз кезекте турууну, касса издөөнү, жаңы колдонмолорду жүктөөнү же ондогон сырсөздөрдү эстеп калууну каалабай калдык. Күндөлүк иштер тез чечилиши керек. О! муктаждык менен чечимдин ортосундагы кадамдарды мүмкүн болушунча кыскартат.
• Балансты толуктоо керек – бир нече секунд
• Эсеп төлөө керек – баары колдонмонун ичинде.
• Акча которуу керек – оңой эле.
• Смартфон керек – акысыз жеткирүү менен бөлүп төлөөгө сатып алыңыз.
• Азык-түлүк же жеткирүү керек – баары «Мой О!» ичинде.
Ушундайча жаңы адат калыптанат: ар бир иш үчүн өзүнчө сервис издебестен, «Мой О!» колдонмосун ачуу.
Пайданын математикасы
Экосистема убакытты эле эмес, акчаны да үнөмдөйт. Чачыранды сервистерден айырмаланып, бул жерде чыгымдарыңыз топтолууга айланат. Бонустар, кешбэк жана жеке сунуштар аркылуу каражаттын бир бөлүгү кайра өзүңүзгө кайтып келет. O!Prime жазылуусу менен бул пайда максималдуу деңгээлге жетет.
Келечек – акылдуу экосистема менен
Кийинки этап – жөн гана кызматтарды көбөйтүү эмес. О! буга чейин эле акылдуу жекелештирүү багытына өтүп жатат: колдонмо ылайыктуу тарифти сунуштап, маанилүү төлөмдөрдү эскертип, керектүү кызматтарды сунуштай алат жана колдонуучу үчүн эң пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү берет. О! эми жөн гана «тармакка жетүү» эмес – бул сиздин негизги санарип жардамчыңыз.
«НУР Телеком. «ЖЧКсы. КР МТжБМК алдындагы МБА 06.12.2016-ж.: №16-0062-КР, №16-00-0063-КР.
«Грин Телеком Сервис». ЖЧКсы, КРУБ № 2021030817 лицензиясы.
№ 3022030817, 03.08.2017-ж. «О!Банк». ААКы. КРУБ № 044 лицензиясы. 17.09.2024 ж.

Май майрамдарын жаркын маанайда тосуп алыңыз! O!Store'до аксессуарларга -20% арзандатуу
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! HRге мыкты IT иштетилмеси үчүн эл аралык сыйлык алды
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?
Бардык жаңылыктар