Акыркы жаңылыктар

Кыргызстанда өзүн мобилдик оператордун кызматкери катары тааныштырып, жөнөкөй, бирок дагы деле натыйжалуу алдамчылык схемасын колдонгон телефон шылуундарынын активдүүлүгү кайрадан күчөдү. Алар абоненттерге чалып, «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү аяктап жатат» деп билдиришет.
О! Мобилдик оператору расмий билдирет: SIM-картанын колдонуу мөөнөтү ЖОК! Аны колдонуп жүргөнүңүздө SIM-карта мөөнөтсүз иштей берет. Аны телефон аркылуу «узартуунун» кереги да жок, мүмкүн да эмес.
Көңүл бургула: шылуундардын максаты – акчаңызды уурдоо! Номериңиз бөгөттөлөт деп коркуткандан кийин алар «келишимди актуалдаштыруу» үчүн банктык маалыматтарыңызды кошумча каттоо, жаңылоо же ырастоо керек экенин айтышат. Алардын негизги максаты – сизден SMS аркылуу келген ырастоо кодун, сырсөздү же банктык картаңыздын реквизиттерин алып, мобилдик банкингиңизге кирип, акчаңызды уурдоо.
Акчаңызды сактоого жардам бере турган коопсуздук эрежелери:
• ЭЧ КИМГЕ жана ЭЧ КАЧАН SMS-коддорду, сыр сөздөрдү жана банктык картаңыздын маалыматтарын айтпаңыз! Банктын же мобилдик оператордун чыныгы кызматкерлери бул маалыматтарды телефон аркылуу эч качан сурашпайт.
• Телефон аркылуу эч кандай текшерүү жүргүзүлбөйт. Жеке же банктык маалыматтарды жаңылоо «Мой О!» расмий тиркемеси аркылуу же өзүңүздүн паспортуңуз менен O!Store дүкөндөрүнүн бирине же O!Bank кеңсесине жеке кайрылганда гана жүргүзүлөт.
Эгер сизге ушундай чалуу келип, белгисиз адамдар шаштырып, байланыш өчүрүлөрүн же акчаңызды жоготуп аласыз деп коркута баштаса, жөн гана телефонду коюп коюңуз.
О! Мобилдик оператору Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкта алдамчылыктын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда белгилүү блогерлердин катышуусунда эскертүү материалдары дайыма жарыяланып, абоненттерге атайын SMS-билдирүүлөр жөнөтүлүп турат. Калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган бул системалуу иштерге карабастан, тилекке каршы, айрым жарандар шылуундардын психологиялык басымына алдыргандыктан коопсуздук эрежелерин сактабай, алардын тузагына түшүп калышууда.
Сак болуңуз жана өзүңүздү алдатпаңыз!
«НУР Телеком» ЖЧКсы. КР МТБМК алдындагы МБА 2016-жылдын 6-декабрындагы №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Чатырдагы үлбүрөк кыз жана Байланыш борборундагы сүйүү. Милиондогон адамдар колдонгон байланыштын артында ким турат?
Бардык жаңылыктар