Акыркы жаңылыктар
Акыркы айдын ичинде О! мобилдик операторунун роуминг-өнөктөштөрүнүн тизмеси мобилдик байланыштын дагы чет өлкөлүк алты өнөктөшү менен толукталды
Акыркы айдын ичинде О! мобилдик операторунун роуминг-өнөктөштөрүнүн тизмеси мобилдик байланыштын дагы чет өлкөлүк алты өнөктөшү менен толукталды.
Эми О!нун корпоративдик жана жеке абоненттеринде жогорку ылдамдыкта маалыматтарды берүү кызматын - 4G-роумингди Xfera (Испания) операторунун тармагында колдонуу мүмкүндүгү пайда болду. О!нун корпоративдик кардарларына DNA (Финляндия),T-Mobile (Австрия), Canada Bell (Канада), Mobile One (Сингапур) жана Mobitel (Шри-Ланка) операторлорунун тармагында добуштук жана интернет роумингдин жаңы багыттары жеткиликтүү.
О! мобилдик операторунун кардарлары саякаттап жүрүп, өз телефон номерин алмаштырбастан дайыма байланышта боло алышат. Компания байланышты жана мобилдик интернетти өлкөдөн тышкаркы жактан пайдаланууга ыңгайлуу болуш үчүн роуминг-өнөктөштөрдүн тизмесин толуктоону улантып жатат. Ал эми бүгүнкү күндөгү мобилдик интернеттин эң прогрессивдүү жана жогорку ылдамдыктагы технологияларынын бирин - 4G-роумингди АКШда, Россияда, Кытайда, Бельгияда, Казахстанда, Люксембургда, Кореяда, Канадада жана Испанияда колдонууга болот.
Жалпы жолунан О! мобилдик операторунан роуминг 160 тан ашык өлкөдө жеткиликтүү, ал эми популярдуу багыттар боюнча бир катар тарифтер бир топ арзандап жатат. Мисалы, 1 Мб баасы Россиянын жана Казахстандын Tele2 тармактарында болгону 1 сом. «Роуминг» кызматын кошуу үчүн *996# буйрутмасын терүү керек. «Интернет-роуминг» кызматын кошуу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенчекти *997# терүү зарыл.
Роуминг кызматына тарифтер менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышыңыздар.
О! мобилдик операторунан роуминг – чет өлкөдө жеткиликтүү жана ыңгайлуу байланыш!

«Мой О!» супертиркемесине нөл баланс менен да акысыз кирсеңиз болот
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Бакубаттыктын символу: О! базалык станциясында кунастар (илегилектер) дагы уя салды
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
Бардык жаңылыктар