Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору кыргызстандыктарды «О!го которул + TV» тарифтик пландарынын жаңы тизмегинин чыгышын колдоо үчүн Жалал-Абад, Ош жана Бишкек шаарларында боло турган жазгы эксклюзивдүү концерттер сериясына чакырат
О! мобилдик оператору кыргызстандыктарды «О!го которул + TV» тарифтик пландарынын жаңы тизмегинин чыгышын колдоо үчүн Жалал-Абад, Ош жана Бишкек шаарларында боло турган жазгы эксклюзивдүү концерттер сериясына чакырат.
О! мобилдик операторунун абоненттери үчүн баарыбыз жакшы көргөн «Город 312» тобу өзүнүн мыкты ырларын аткарат. Биринчи концерт 26-апрелде Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда, андан кийин 28-апрелде Оштогу борбордук стадиондо болот. «Город 312» тобунун «жандуу» ырынан тышкары көрүүчүлөрдү No Name жаштар долбоорунан кызыктуу конкурстар жана күтүлбөгөн белектер, ошондой эле ата мекендик эстраданын популярдуу жылдыздары - Гүлнур Сатылганованын жана Мирбек Атабековдун чыгып ырдоосу күтөт.
Тур 30-апрледе Бишкекте Promzona клубунун чоң сахнасында чоң концерт менен аяктайт, ал жерде ар бириңизди көптөгөн жагымдуу белектер жана мыкты маанай күтөт!
Концертке билеттерди О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен акысыз алууга болот. Ал үчүн «О!го которул + TV» жаңы тарифтер тизмегине кошулуп, балансты О! мобилдик операторунун каалаган сатуу жана тейлөө кеңсесинен толтуруу жетиштүү.
Келиңиздер жана сиздин кумирлериңиздин жанында унутулгус убакыт өткөрүңүздөр!

Байланыш – өнүгүү укугу катары: О! кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! бүгүнкү күндө: байланыштан да жогору. Бир тиркемеде жашоо экосистемасы

Май майрамдарын жаркын маанайда тосуп алыңыз! O!Store'до аксессуарларга -20% арзандатуу
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар