Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору филиалдык тармагын жайкы сезонго даярдап жатат жана Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылында жаңы дүкөнүн ачууда.
Жаңы O!Store дүкөнүнүн дареги: Ысык-Көл облусу, Григорьевка айылы, Садыр Аке көч., борбордук базар 27/2а.
Туристтердин ыңгайлуулугу жана Ысык-Көл облусунун тургундарын тейлөө үчүн жалпысынан 14 дүкөн иштейт. Бул жерде сизге байланыштын пайдалуу кызматтарын жана жогорку ылдамдыктагы толук чексиз интернетке чейин кошуп алууга жардам беришет. O!Store дүкөнүнөн сиздин эс алуунун шаңдуу жана музыкалуу өтүүсү үчүн керектүү нерселерди тапса болот, мисалы, колонкалар жана кулакчындар; жолдо жана саякатта абдан керектүү пауэрбанктар, заряддоочу түзүлүштөр, автоунаалар үчүн аксессуарлар ж.б.у.с.
Григорьевка айылындагы жаңы O!Store дүкөнүнүн ачылышынын урматына сиздерди аксессуарларга АРЗАНДАТУУЛАР күтөт:
1500 сомго чейинки бардык аксессуарларга -20%;
1500 сомдон башталган бардык аксессуарларга -10%.
Эгерде сизге үч миң сомдон жогору бир нерсе жагып калса, сатып алууну кредитке же баштапкы төгүмсүз жана банктык пайыздарсыз бөлүп төлөөгө тариздесе болот.
Бардык суроолор боюнча кеңеш алуу үчүн 0705 007 000 номерине чалыңыз же OSTORE.KG сайтына жазыңыз. Дүкөндөрдүн даректери ostore.kg сайтында.
Акциянын мөөнөтү 2022-жылдын 23-майынан 23-июнуна чейин камтуу менен жүрөт. Акция боюнча товарлардын саны чектелүү. Кредит жана бөлүп төлөө «Дос-Кредобанк» ЖАК тарабынан берилет, банк аларды тариздөөдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КРУБ лицензиясы: №037.

Жаңы айды үнөмдөө менен баштаңыз: үй интернети + ТВ, О! түйүнүнөн үч номери бар чексиз интернетти камтыган тариф – 1 300 сомго!

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз
Бардык жаңылыктар