Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору кардарларынын ыңгайлуулугу үчүн Asia Mall соода-көңүл ачуу борборунда смартфондордун жана аксессуарлардын жаңы O!Store дүкөнүн ачты.
Атайын ачылышынын урматына бардык кардарларды бүт аксессуарларга -20% WELCOME-АРЗАНДАТУУ күтөт, арзандатуу 2018-жылдын 31-декабрына чейин жүрөт.
O!Store заманбап дүкөндөрдүн ири тармагы өлкө боюнча 74 учурдун талабына ылайык дүкөндөрдү камтыйт. O!Store дүкөндөрүнөн кыргызстандыктар дүйнөлүк өндүрүүчү-бренддердин сапаттуу смартфондорун сатып алуу жана адистердин кеңешин алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Мындан тышкары, мобилдик оператордун бардык дүкөндөрүнөн 4G Wi-Fi Wingle, 4G-модемдерди жана бардык мобилдик аксессуарларды: телефон каптарын, коргогуч айнектерди, плёнкаларды, шакек-кармагычтарды, кабелдерди, переходниктерди, адаптерлерди, зымсыз акустикалык колонкаларды, Bluetooth кулаккаптарын, тышкы аккумуляторлорду, моноподдорду жана көптөгөн башка нерселерди сатып алса болот.
Бардык O!Store дүкөндөрүндө жүрүп жаткан ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК Акциядагы бактылуу ЖЕТӨӨ:
XIAOMI смартфондору – баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмсүз бөлүп төлөөгө;
Каалаган Honor смартфонун сатып алган учурда 1300 сомго чейинки КЭШБЭК;
LG смартфондорун сатып алган учурда 4 600 сомго чейинки жаңы жылдык КЭШБЭК;
VIP, Gold, Silver категорияларындагы номерлерге 70%га чейинки АРЗАНДАТУУЛАР;
ostore.kg сайтынан товарларды тапшырык кылганда максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернеттин +10 АКЫСЫЗ ГИГАБАЙТЫ;
Балансты 2019 сомго толуктаган учурда же 40 миңге чейинки смартфонду сатып алган учурда жаңы жылдык О!Свитер белекке;
Жакындарыңызга жана туугандарыңызга 250 сомдон баштаган белек сертификаттары.
O!Store мобилдик товарлардын дүкөндөрүнүн Кыргызстандагы ири тармагы Кыргызстандагы популярдуу – Samsung, Apple, Huawei, Xiaomi, LG, Honor бренддеринин расмий өнөктөшү болуп саналат. O!Store дүкөндөрүнөн соода кылуу менен сиз сапаттуу товарга жана фирманын расмий кепилдигине ээ болосуз.
Жаңы O!Store дүкөнүнө кош келиңиздер! Дареги: Ч.Айтматов атындагы проспект, 3, саат 10:00дөн 22:00гө чейин, тыныгуусуз жана дем алышсыз. Сизге жакын дүкөндүн дарегин ostore.kg сайтынан таба аласыз. Ошол эле жерден сатып алган буюмду жеткирүү менен жолжоболоштурууга болот.
Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар