Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору региондордо өз тейлөө тармагын кеңейтүүнү улантууда жана Баткен шаарында кезектеги жаңы фоматтагы O!Store дүкөнүнүн ачылышы тууралуу кубануу менен кабарлайт.
О! сатуу жана тейлөө кеңселерин өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Равшан Бакиров О! Мобилдик оператору шаар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачкандыгы тууралуу билдирди: «Компания жумушчу орундарын камсыздоодо, баткендиктер үчүн сапаттуу байланыш кызматтарын колдонууга шарт түзүп жатат. О! Мобилдик оператору региондорго бизнести өнүктүрүү үчүн гана эмес, тигил же бул облустун калкынын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн дагы келет».
Дүкөн ачылган алгачкы күнү эле Баткен шаарынын ондогон тургундары келип кетишти. Республика боюнча филиалдык тармакты кеңейтүү менен О! Мобилдик оператору күн санап өсүп жаткан абоненттеринин ыңгайлуулугуна кам көрөт. Дүкөндөрдүн саны да өсүүдө – бул Баткен шаарындагы экинчи дүкөн. Баткен облусундагы мындай дүкөндөр жана тейлөө кеңселери Кадамжай, Үч-Коргон айылдарында, ошондой эле Исфана, Кызыл-Кыя шаарларында жайгашкан.
Заманбап O!Store дүкөнү кызматтардын толук топтомун сунуштайт:
насыяга же бөлүп төлөөгө сатып алууга мүмкүн болгон дүйнөлүк бренддердин смартфондору;
тармакка кошулуу жана пайдалуу кызматтарды ырастоо;
балансты комиссиясыз толуктоо;
ошондой эле мобилдик байланышка тиешелүү маселелер боюнча кеңеш берүү.
Жаңы дүкөн сиздерди көрсөтүлгөн даректе күтөт: М.Нургазиев көч., н/ж. (ориентир «Асылбек» СБ жанында). Иштөө графиги: 09.00-19.00.
Актуалдуу акциялар, смартфонду насыяга жолжоболоштуруу тууралуу кененирээк маалыматты жана бардык дүкөндөрдүн даректерин www.ostore.kg сайтынан таба аласыз.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар