Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун технологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик оператору эл аралык роуминг кызматын көрсөткөн чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн тармактарын кеңейтүүнү улантып жатат.
Эми О!нун жеке абоненттеринде Orange (Молдова), Xfera (Испания), MTS (Россия) жана Vodafone (Чехия) тармактарында роумингди колдонуу мүмкүндүгү бар. О!нун кардарларына Wataniya Telecom (Мальдивы) жана MTS (Узбекистан) операторлорунун тармактарында интернет-роумингдин жаңы багыттары жеткиликтүү болуп калды. Мындан тышкары, 4G-роуминг Кореяда да жеткиликтүү, ал жакта маалыматтарды жогорку ылдамдыкта берүү кызматын KT Telecom операторунун тармактындө колдонсо болот.
«Биз байланышты жана мобилдик интернетти өлкөдөн тышкары аймактарда да колдонууга ыңгайлуу болуш үчүн роуминг-өнөктөштөрдүн тизмесин толтурууну улантып жатабыз. Эми О!ун жеке абоненттерине «Роуминг» кызматы дүйнөнүн 30 дан ашык өлкөсүндө жеткиликтүү. Ал эми 4G-роумингди – бүгүнкү күндөгү мобилдик Интернеттин эң өнүккөн жана жогорку ылдамдыктагы технологияларынын бирин АКШда, Россияда, Кытайда, Бельгияда, Казахстанда, Люксембургда жана Кореяда колдонууга болот. Биздин кардарлар саякаттап жүрүп да, өз телефон номерин алмаштырбастан, дайыма байланышта болуп, баарлашуудан ырахат ала алышат», - деп белгиледи О! мобилдик операторунун интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов.
«Роуминг» кызматын кошуу үчүн *996# буйрутмасын,. «Роуминг» кызматын интернетке кирүү менен кошуу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенче *997# буйрутмасын терүү керек.
Роуминг кызматынын тарифтери менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышууга болот.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар