Акыркы жаңылыктар
Жакында О! Мобилдик операторунун техникалык адистери өлкөбүздүн беш регионунун ондогон калктуу пункттарында жогорку ылдамдыктагы төртүнчү муундун 4G LTE технологиясынын ишин камсыздай турган 40тан ашуун жаңы байланыш объектилерин курушту жана ишке киргизишти.
Жыл башынан бери түрдүү стандарттардагы жабдуулар монтаждалды, Кыргызстандын алыскы булуң-бурчтарындагы бир жарым миңдей базалык станцияларда техникалык жумуштар аткарылды. Жаңы базалык станцияларды ишке киргизүү тынымсыз жүрүп жатат. Жаңы объектилерди куруу, ошондой эле иштеп жаткандарын модернизациялоо оператордун 4G LTE-тармагынын сыйымдуулугун бир кыйла жакшыртууда жана камтуу аймагын пландуу түрдө кеңейтүүдө.
О! Мобилдик операторунун техникалык командасынын ишинин толук комплекси төмөндөгү облустардын калктуу пункттарын камтыды:
Баткен облусу: Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Чаувай айылдарында;
Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында, Кош-Болот, Бирлешкен, Ак-Тайлак, Комсомол (Жалгыз-Жаңгак), Кызыл-Токой айылдарында;
Нарын облусу: Нарын шаарында, Осоавиахим, Чолпон, Ак-Татыр, Чаек, Ача-Кайыңды, Түгөл-Сай айылдарында, «Солтон Сары» алтын кен комбинатында;
Ош облусу: Ош, Ноокат шаарларында жана Дыйкан-Кыштак, Каарман, Учкун, Маданият, Ак-Чабуу, Учбай, Чегеден, Кызыл-Тейит, Фрунзе, Гүлстан, Керме-Тоо, Кыргызстан, Кашгар-Кыштак, Султан-Абад, Шарк айылдарында
Азыркы күндө О! Мобилдик оператору бүт Кыргызстан боюнча эң ири 4G LTE тармагынын камтуусуна ээ. Калктын 95%ынан ашуунуна, тактап айтканда 6 милионго жакын кыргызстандыктарга маалыматтарды өткөрүүнүн жогорку ылдамдыктагы технологиясы жеткиликтүү.
Камтуу картасы www.o.kg сайтында "Тармак камтыган аймак" бөлүмүндө жеткиликтүү.

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Чатырдагы үлбүрөк кыз жана Байланыш борборундагы сүйүү. Милиондогон адамдар колдонгон байланыштын артында ким турат?
Бардык жаңылыктар