Акыркы жаңылыктар
Жаңы окуу жылы жакындап калды, көпчүлүк окуучулар онлайн окуй башташат. Дал ошондуктан О! Мобилдик операторунун тармагынын актвдүү өнүгүүсү ири шаарларда жана райондук борборлордо гана эмес, алыс жайгашкан аймактарда да актуалдуу болуп жатат.
Жакынкы күндөрдө техникалык адистер тарабынан өлкөнүн бардык жети облусунун дээрлик 55 калктуу пунктунда сигналдын сапаты жакшыртылды:
Чүй облусу: Бишкек, Кант, Кайыңды шаарларында, ошондой эле Киров, Асылбаш, Ленин, Жал, Дача-СУ, Студенческое, Кызыл-Туу айылдарында;
«Биз жүктөмдүн көбөйүүсүн алдын-ала көрө билүүгө, убагында жумуштарды аткарууга жана абоненттердин тармактын сыйымдуулугун көбөйтүү боюнча каалоолорун эске алууга аракет кылуудабыз. Мындай жумуш үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат», – деп О! Мобилдик операторунун техникалык директору белгиледи.
Компанияда кайтарым байланыш жөнгө салынган, ошондуктан эгер сизде суроолор же каалоолор болсо, сиз О! Мобилдик операторунун Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте» же Twitter социалдык тармактарындагы расмий баракчаларына ар дайым жаза аласыз.
О! тармагынын 4G LTE тармагын колдоо аймактарынын толук тизмеси менен компаниянын сайтынан таанышса болот. Бүгүн бүт өлкөнүн калкынын 98%ынан ашууну бул жогорку ылдамдыктагы технологияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: 40% арзандатуу менен О! Үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!TV’де Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонун, Англия жана Испания матчын көргүлө

Интернет, төлөмдөр жана кешбэк: О! Чыныгы ыңгайлуу роумингди сунуштайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: О! операторунан үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!
Бардык жаңылыктар