Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору 4G-түзүлүштөрдү колдонуучулар үчүн жаңы пайдалуу сунуштун - Non-Stop кызматынын ишке киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт. Ар бир айда абоненттик төлөмү 290 сомдон, кызмат 4G-интернетти жогорку ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. Non-Stop-тун чегинде трафиктин негизги күндүзгү көлөмү - 8 Гб жана интернет-тарификтин бонустук түнкү көлөмү чектөөсүз. Жогорку ылдамдыктагы күндүзгү трафиктен ашканда Интернетке кирүү сакталат, ал эми ылдамдыгы чектелет.
«О! мобилдик оператору 4G-түзүлүштөр аркылуу мобилдик интернетти активдүү колдонгондор үчүн кезектеги жагымдуу сунушту тартуулайт. Беринчи кезекте биздин жаңы сунуш максималдуу ыңгайлуу, ал эми баасы жана сапаты – рыноктогу мыктылардын бири. Кызматты кошуп, абонент музыка жана видео жүктөп, соцтармактарды убакыт өткөрүп, мессенджерлерди пайдаланып, видео чалууларды жүргүзө алышат. Мен кардарларыбыз биздин жаңы сунушубуздун оңойлугун, ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн баалашат деп ишенем», - деп компаниянын комерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.
Ошондой эле Non-Stop кызматын колдонуучуларда жогорку ылдамдыктагы интернет-топтомду колдонуп бүткөндөн кийин «Турбобаскыч» кызматын кошуп, жогорку ылдамдыктагы трафиктин кошумча көлөмүн алууга мүмкүндүк бар. Болгону 90 сомго жогорку ылдамдыктагы 3 Гб интернет-трафик сатып алса болот.
4G түзүлүштөрдү эң арзан баада О!нун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же shop.o.kg интернет-дүкөндөн сатып алыңыздар. Ыңгайлуу жана бышык 4G Wi-FiWingle жана 4G Wi-Fi роутер 30 күнгө «Чексиз 4G» кызматын кошкондо 1 сомдон сатылып жатат.
Non-Stop жаңы кызматы жөнүндө кошумча маалыматты О!нун сатуу жана тейлөө кеңселеринен, 736 телефону боюнча, ошондой эле www.o.kg расмий сайтынан алууга болот.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар